Акыркы кабарлар
22:58
» Коом » Атамбаевдин кызы сүрөтчү Алия Шагиева “Чындык үйүн” ачып жатат
Атамбаевдин кызы сүрөтчү Алия Шагиева “Чындык үйүн” ачып жатат
14-декабрь, 11:46

Бул тууралуу ал өзүнүн Инстаграм баракчасына жазып чыкты.
“Чындык үйү — балдар жана чоңдор үчүн чыгармачылык семинар. Чындык – искусствонун негизи, чыгармачылыктын башкы принциби. Бул жерде чындыкка умтулган жана өнүгүп келе жаткан сүрөтчүлөр рухий дүйнө менен техниканы айкалыштырып, өздөрүнө жана башкаларга чынчылдык аркылуу байкоолорун чын жүрөктөн айтууга үйрөнүшөт.
Бул семинарда мен сизге жаратуу процессин үйрөтөм. Биз негиздер менен эрежелерди үйрөнүүнү ар бир студент үчүн уникалдуу боло турган эркин, рамкасыз чыгармачылык менен айкалыштырабыз. Натюрморт, пейзаж жана портреттерди каалаган кызыктуу жана маанилүү темадагы эркин композициялар менен кезектешип жазабыз. Ошентип уникалдуу жана баалуу нерсени жаратып, ар дайым алдыга кетебиз” деп жазган Шагиева.