Акыркы кабарлар
» Саясат » Болотбек Тиллебаевди тим койсо, УТРКны “Дин канал” кылчудай
Болотбек Тиллебаевди тим койсо, УТРКны “Дин канал” кылчудай
29-август, 09:00

Ушундай. УТРК имаратына намазкана ачылганын Чынар Карапова жарыялап, гендиректор Болотбек Тиллебаевдин жетишкени катары көкөлөтүп, мактап жатып калыптыр. Азыр кайсы заман экенин булар билишпейби? Илим-билимге, санарип-технологияларга умтулган чакта мукурап отурушканы кандай? Бишкекте ар бир чакырым сайын мечиттер бар, арбын салынган. Анан дагы УТРКнын ичине намазкана ачып атышат. Улуттук канал кыргыздын баалуулуктарын, тарыхый мурастарын чагылдырышы керек да. Тилекке каршы, динге баш-оттору менен киргендей батыл аракет жасашып, көмүскөдөн тытынып жатышкандары эмнеси? Чынар Капарованы түшүнсө болот, ага жеңил-желпи пиар, эптеп эле мурдун бир тешикке тыкса, кошомат кылса жарашат. Ал эми УТРКнын жетекчиси Болотбек Тиллебаев мамлекеттик маанилүү кызматты аркалап отурат да. Намазды каалагандар мечиттен окушат эмеспи. Бул эргулдун мындай кадамы түшүнүксүз, тим койсо “Дин каналга” айландырабы? Алдыга, өнүгүүгө, реформага карай эмес, артка кеткендери ушулбу? Көрпендечилик! "Азия Ньюс" гезити











