Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Султанбай Айжигитов: “Баткенде үйлөрүн тажиктерге сатышып, көчкөндөр көбөйүштү”

Султанбай Айжигитов: “Баткенде үйлөрүн тажиктерге сатышып, көчкөндөр көбөйүштү”

27-октябрь, 19:30
1 804 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Султанбай Абдрашитович, Баткенде үйүн саткан учурлар көбөйгөнү боюнча кооптуу маалымат айттыңыз. Бул өткөн айдагы коогалаңдан уламбы?

-- Ооба. Сатып, башка жактардан үй алышууда: Оштон, Бишкектен. Мындайча айтканда, Баткен облусунун аймагынан чыгып кетип жатышат. Анан ал үйлөрдү кимге сатат? Тажиктерге гана сатышат. Өзүбүздүкүлөр алышпайт.

-- “Сатпагыла” деп тыюу салса болбойбу?

-- Мен губернатор кезимде саттырбай жүргөм. Бирок, анын да жолун таап алышты. Акчасын алат экен дагы, расмий өткөрүп бербей кетип калат. А тажик бийликтери болсо дароо совет өкмөтү учурундагы мезгил менен документ жасап бере коюшат.

-- Ошондо акыркы кездерде Баткенден канча киши сыртка чыгып кетти?

-- Менде андай статистика жок. Жергиликтүү бийликтерден сурашыңар керек да. Жергиликтүү бийлик колдосо, эл көчпөйт. Колдобой койсо, эң туруктуулар да сатып кете баштайт. Мен губернаторлуктан кетип, 2013-жылы кайра келсем, эң туруктуулар да сатып атышыптыр. Президенттин фондусунан 10 миллион бөлдүрүп, Таш-Тумшуктан бир үйдү сатып алгам. Ал жерге милициянын таяныч пунктун ачкам. Калган үйлөрдү да сатып алып, балдар бакчалардын, дагы башка социалдык объектилерди курам деп атканда кызматтан кетип калдым. Ошентип үйлөрдү сата берип, сата берип, азыр Таш-Тумшуктун дээрлик жарымын тажиктер ээлеп калышкан... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер