Тынчтыкбек Чоротегин, тарыхчы: “Алымбек датканын замандаштарын да иликтөө зарыл”


Жусуп Баласагын атындагы КУУнун чөлкөм таануу жана кыргыз таануу кафедрасынын профессору, тарыхчы Тынчтыкбек Чоротегин агай менен Алымбек датканын доорунда табылган табылгалар жана андан ары изилдениши керек делген жоромолдор боюнча баарлаштык.
-- Тынчтыкбек агай, тарыхты казып, изилдеп жүргөн адамсыз. Алымбек датканын эрдиктери, жасаган жакшы иштери тарыхтын бүктөмүндө калбай, кийинки муунга толук жеттиби?
-- Албетте, айтылуу “кайра куруулар” доорунда даңазалуу мамлекеттик ишмер Алымбек тууралуу жылуу сөздөр көбүрөөк айтыла баштаган. Бирок Кыргызстан эгемен болуп калганда гана ал жөнүндө калыс пикирлер арбын айтылып, китептер, изилдөөлөр, көркөм чыгармалар чыкты, айкелдер тургузулду.
Маркум Ташманбет Кененсариев жана анын шакирттери, азыркы тарыхчылар Кыяс Молдокасымов, Турсунай Өмүрзакова, Эрнис Авазов, бир катар өзбекстандык тарыхчылар да Алымбек датканын дооруна кайрылып, кызыктуу табылгаларды жарыялашкан. Эми алардын эмгектери андан ары тереңдеп улантылышы керек, бирок “бул суроо эч изилдене элек болчу” деп айтууга мүмкүн эмес.
-- Алымбек датканын саясый жана мамлекеттик ишмердиги боюнча эмнелерди айта аласыз?
-- Биз маркум профессор Токторбек Өмүрбеков, азыркы “Мурас” корунун жетекчиси Кыяс Молдокасымов менен калемдешип жазган китептерибизде Алымбек датканын ишмердиги тууралуу окуучуларга жеткиликтүү болгондой чагылдырганбыз деп ойлойм.
Кыргыз улутунун тарыхы – ал байырлаган ар кыл чөлкөмдөрдүн тарыхый өзгөчөлүктөрү менен баалуу. Алымбек датка жана Алымкул аталык – көп этностуу Кокон хандыгына тирек болгон жана тарыхта жалпысынан “анжыяндык кыргыз” деп аталып келген кыргыздардын чыгаан төбөлдөрү. Алар жалаң гана саясый ишмердик менен алектенишпестен, дипломатияга жана илим-билимге да маани беришкен. Алымбектин медресеси буга далил. Ал өз доорунун чыгаан ишмери экендиги талашсыз.
-- Алымбек датканын 225 жылдык мааракеси белгиленүү алдында турат. Уюштуруу тобу эмнелерге маани берсе дейсиз?
-- Тарыхый фактылардын топтомун улам жаңы маалымат менен толуктоо үчүн архивдик сапарларды аянбастан каржылоо, чагатай жазмасындагы түрк тилдүү адабиятты, араб-парсы жана кытай жазма эстеликтерин изилдеген жаш адистерге эмитеден каржылык көңүл буруу, чөлкөмдүк, эл аралык илимий кызматташтыкты эмитеден чыңдоо, аны мааракелерге байлабастан ырааттуу улантуу абзел.
Алымбектин жалпы Түркстан элдеринин ынтымагы жаатындагы салымдарын да иликтөө үчүн, маселен, коңшу өзбекстандык тарыхчы кесиптештер менен биргеликте изилдөө жүргүзүү зарыл.
Алымбек менен Курманжандын үй-бүлөлүк архивиндеги кол жазмага таянып, “XX кылымдын башында Самаркандагы Улукбектин жылдызканасынын (обсерваториясынын) калдыгын табышкан” деген жоромолду андан ары тастыктоо үчүн биргелешкен чөлкөм таануу изилдөөлөрүн алып баруу керек. Алымбек менен замандаш болгондордун баардыгынын тагдырларын иликтөө шарт. Маселен, ички теңир-тоолук айтылуу Арстанбек Бойлош уулу дал ушул Алымбектин көмөгү менен өз атасы Бойлош бийди кокондук капастан чыгарган дешет. Аны да изилдөө абзел. Анын капаска жатышы, балким, кокондуктарга салык төлөөдөн баш тарткандыгына байланыштуу болгондур?
Падышалык орусиялык баскынчыларга каршы уруштагы Алымбектин туруму да өзүнчө изилдөөгө арзыйт. Албетте, аны мактоо үчүн “өз алдынча кыргыз хандыгын түзүүгө умтулган” деген сыяктуу жалган түшүнүктөрдү токуунун эч кереги жок. Ал Ормон хан негиздеген эгемен Кыргыз хандыгына кандайча мамиледе болгондугун да калыс териштирүү абзел. Алымкул аталык экөөнүн мамилелери да калыс каралышы керек.
Ал эми мааракени үстүртөн өткөргүсү келген айрым төбөлдөр бул сыяктуу айрым маселелерге көз жумду мамиле кылууга, илимге акча бөлдүрбөөгө тырышуусу ыктымал. Бирок ар кыл тарыхый доор ар кандай мааракелик каражатка таянуу менен гана эмес, системалуу түрдө да андан ары такталышы зарыл.
"Азия Ньюс" гезити











