Ажырашкандан кийин жолдошумда онкологиялык оору бар экенин билдим


Жолдошум экөөбүз чогуу жашай баштаганда эле биринчи жылы ал мага өзгөрүп калган. Ошондо эле ажырашпай койгонума өкүнөм. Анткени мен кош бойлуу болчумун. Ал болсо мени кечирип коюуну аябай суранган.
Жолдошумдун кайрадан көңүлдөшү бар экенин билгенимде, балабыз 2 жашта болчу. Мен эч нерсе билбегендей түр көрсөттүм, бирок өзүмө жана балага көбүрөөк акча сурай баштадым. Ал мага акча эле керек адамдай сураганымды берип турду.
Азыр кызыбыз 11 жашта. Ушул убакыт ичинде жетиштүү акча топтодум да, ажырашууга чечим кабыл алдым. Жолдошум аябай таң калды, “мени бактылуу жашап жатат” деп ойлочу экен. “Ойлонуп көр” деп жалынып, мени гана сүйөрүн айтты. Бирок мунун баары мага эми кереги жок болчу, ал мага бөтөн жана жийиркеничтүү болуп калган.
Ата-энемдин үйүнө көчүп бардым. Эки жумадан кийин жолдошумда онкологиялык оору бар экенин билдим. Кайненем да, өзү да “кайра кайтып кел” деп жатышат, бирок мен бара албайм. Апам да “мындай учурда таштап кетүү күнөө” дейт. Бирок мен так билем, эгер мага бир нерсе болсо, ал ойлонбой эле таштап кетмек. Анткени ден соолугу жайында, өзүн караган, билимдүү, иштеген аялды издеп жүргөн.
Азырынча эч кандай чечим чыгара элекмин. Кызым менен сүйлөштүм, ал «мага баары бир, өзүң чеч» деди. Атам болсо “анын ата-энеси бар, жардам берүүнүн сөзсүз никеде болуунун кереги жок” дейт.
Эмне кыларымды билбей турам. Кеңеш бериңиздер...
Гүлнара











