Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бакыт Бакетаев: “Чолпонбай Түлөбердиев менен Курсан Асановдун аракеттери окшош”

Бакыт Бакетаев: “Чолпонбай Түлөбердиев менен Курсан Асановдун аракеттери окшош”

09-сентябрь, 09:00
378 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Генерал Курсан Асановго карата ачылган кылмыш ишинин негизинде сот процесси уланып жатат. Асановго коюлуп жаткан айыптар туура деп ойлойсузбу? 

-- Бир нерсени белгилеш керек, Чолпонбай Түлөбердиев дзотко төшүн тосоордо командирден сураган эмес да. Согушта адам өмүрүн сактоо же команданын бүтүндүгү башкы орунга чыккан маалда жоокерлер ички туюму, жеке чечими менен иш алып барышат. Курсан Асанов дагы ошондой кылды. Кой-Ташка жиберилген күч түзүмүнүн кызматкерлеринин бир гана максаты бар болчу, ал – Атамбаевди ИИМге суракка алып келүү. Ушул нерсени Курсан Асанов аткарды. Ал Атамбаевге жолукканга чейин кандай окуялар жүз бергенин баарыбыз билебиз. Бир аскер каза тапты, дагы канчасы жарадар болушту. Мындан да оор трагедия орун алмак, эгер Курсан Асанов өзү чечип, Атамбаев менен жолугушуп, аны макулдатып сыртка алып чыкпаганда. Бирок бир нерсе – Чолпонбай Түлөбердиевге Баатыр наамы берилди, а Курсан Асановго кылмыш иши мурдагы бийлик учурунда козголду. Болбосо экөөнүн ниети, аткарган иштери жалпы жонунан караганда окшош эле. Бул мурдагы бийликтин катачылыгынын бири болуп калды.

Экинчиден, Курсан Асанов Ош окуясында дагы өзүнүн туюмуна, акылына таянып иш аракеттерди жасаганын жалпы эл билет. Ошол убакта кан төгүлгөн алаамат окуяда анын эрдиги, эмгеги чоң болгон. Ал тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев дагы тастыктады. Кыргыз Эл Баатырын алган төрага 2010-жылдагы окуяны токтотууда Курсан Асановдун дагы салымы чоң болгонун белгиледи. Ошол окуядан кийин Асанов мекенчил, эл-жер үчүн күйгөн адам катары баарына таанылды. Андай окуяда элдин жоопкерчилигин алуу, улуттар аралык сүйлөшүү жүргүзүп, кагылышты токтотуу абдан чоң эрдик. Ушундай эрдикке барган адам бүгүнкү күндө соттор менен маселесин чече албай жүргөнү кейитет. Ал киши мамлекеттин мүлкүн уурдабаса, коррупцияга барбаса, болгону Атамбаев менен пикир келишпөөчүлүктү чечип, тынчтыкты камсыздоого умтулганы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу чекилик. Менимче, бул жерде жеке бир адамдардын гана амбициясы үстөмдүк кылып кетти. Президент, өлкө жетекчилиги ушуга көңүл буруп коюш керек. Мындай тажрыйбалуу генералдар биздин өлкөгө абдан керек. Алардын тажрыйбаларын, билимин пайдаланып, өлкө бакубаттуулугу үчүн иштетсек туура болмок. Курсан Асанов 2010-жылдагы окуядан эбегейсиз тажрыйба топтоду. Атамбаевди сүйлөшүү жолу менен тергөөгө барууга макулдатканы да ошондогу жыйынтык...


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер