Дүйшөнбек Камчыбеков: “Кумтөрдө көп маселелер чечилбей калган, буга Акылбек Жапаров менен Теңгиз Бөлтүрүк себепкер”

Тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациясынын төрагасы Дүйшөнбек Камчыбеков менен кезектеги маанилүү маекти сунуштайбыз.
-- Кумтөр өлкөбүзгө өтөр мезгилде сиз тараптан да бир топ сунуштар жолдонуп, көп маселелер жүзөгө ашпай калганы өкүнүчтүү. Бүгүнкү маегибиздин учугун ошол көйгөйлөр тууралуу уласак?
-- 2021-жылы Кумтөр Кыргызстанга өтө турган мезгилде Акылбек Жапаров баш болгон комиссия иштеп, алар кен байлыкты өлкөбүзгө кайтаруу маселесин коюп келген. Аны чечүүдө Акылбек Жапаров менен бирге Теңгиз Бөлтүрүк дагы биргеликте иш алып барышканы белгилүү. Ошол комиссиянын ишмердүүлүгүндө мен дагы ассоциациянын атынан сунуштарымды, пикирлеримди айтып, “кагаз жүзүндө да жазып берсеңиз” деген өтүнүчтөрүн аткарган элем.
-- Агезде Кыргызстанга эң маанилүү боло турган кандай маселелер коюлду эле?
-- Биз экология маселесин көтөрүп, ошону курал катары кабыл алып, вскрыша кылган пародаларды отвалдарга жайгаштырып, анын айынан экология бузулуп, отвалдар жылып, 1 миллиард тоннага жакын мөңгүлөрүбүздү бузуп алдык. Ал жерде отвал кылып жайгаштырган пародалардын курамында коргошун, мышьяк, цинк деген оор металлдар бар. Ошолор мөңгү менен кошо аралашып эригенде, экологияга чоң зыян алып келет. Ошол эсептөөлөрдүн негизинде биз 3,6 миллиард долларды алардын айыбы катары карап, рекультивацияга бериле турган акчанын суммасын (ошол мезгилде 55 миллион доллар деп айтылып жаткан) мүмкүн болушунча көбөйтүп, анан Кыргызстанга алып келип иштетишибиз керек экени кабыргасынан коюлган. Себеби, эгер биз ошол чоң сумманы рекультивациялык фондго убагында түшүрүп бөлүп албасак, бул долбоор бизге өткөндөн кийин отвал маселеси жаралып, өзүбүз рекультивация ишин жүргүзүшүбүз керек болуп калат. Ал көйгөйгө жогоруда айтылган акча каражаты жетеби-жетпейби (?) ушул жагы опурталдуу эле. Андан сырткары, ошол кездеги “Центерра” компаниясы мурунку долбоордун негизинде 2023-жылы толугу менен тоо-кен тармагындагы жумуштарды бүтүрүп, 2026-жылга чейин кампадагы запастар иштеп, анан бул долбоор жабылып кетиш керек эле. “Центерранын” ошол убактагы жетекчиси билдирген: “Биз кошумча чалгындоо иштерин жүргүзүп, 175 тонна алтындын корун аныктап койдук. Ошол алтынды биз силерге өткөрүп берип жатабыз” деген мааниде саясый кадам кылган. Анысы бүгүн билинип жатат. Алар Кумтөр өзүбүзгө өтөр алдында кытайлык “Шандунь” деген компанияга сатууга аракет кылышкан. Алар “биз 175 тонна алтыны бар Кумтөрдү сатып жатабыз” деп соодалап кетип калышмак. Бирок ошол эле кырдаалды Кыргызстанга өткөрүп берип жатканда дагы пайдаланып кетишти. “Биз силерге 175 тонна алтынды калтырып жатпайбызбы, ошого байланыштуу бизге экология боюнча дооматтарды койбогула” деген мааниде айтышып, Акылбек Жапаров, Теңгиз Бөлтүрүк баштаган комиссиянын жетекчилигин ынандырышып, өткөрүп берип коюшкан. Анын кесепети бүгүн билинүүдө.
2022-жылы 9 тонна, 2023-жылы 2,5 тонна алтындын кору аныкталбай калды. Мындайча айтканда, жылына 30-35% ГКЗнын балансына коюлган алтындын кору белгисиз. Бул деген ошол убактагы Акылбек Жапаров, Теңгиз Бөлтүрүк баш болгон комиссия “ГКЗга коюлган алтындын кору канчалык чындыкка дал келет?” деп мунун үстүндө терең иш алып барышкан эмес. Ага байланыштуу ГКЗнын ишмердүүлүгү дагы мына бүгүнкү күндө суроо жаратып жатат. Андыктан, бүгүнкү күндө ачык жол менен иштей турган алтындын кору 2028-2029-жылдары бүтүп калышы мүмкүн.
Үчүнчү маселе: “Силерге ГКЗнын балансына коюлган 175 тонна алтын калып жатат” деп бир пайыз да үлүш калтырып беришкен эмес. Биз ошол убакта сунушубузду берип, айтканбыз. Кумтөрдүн ишмердүүлүгүнүн негизинде чогулган каражатка алар түндүк Канададагы “Маунтмиллиган” деген компания аркылуу кен ачышып, пайдасын көрүшүүдө. Андан тышкары, “Хардрок”, “ Кемесс” деген кендерди да алышкан. Ошондой эле Түркиядагы “Оксут” деген кенди иштетип жатышат. Андан тышкары, Никарагуа, Швецияда жайгашкан сейрек кездешүүчү металлдардын кендерин дагы алышкан. “Центеррадан” жок дегенде 10% үлүшүбүздү алып калганыбызда, биржа аркылуу өз дивиденддерибизди алып турмакпыз. Бул жогоруда үчүнчү маселеде айтылган ырыскыбыздан да айрылып калдык дегендик.
Төртүнчү маселеге токтолсом, бизде дагы толук мүмкүнчүлүк бар. “Центерра” компаниясы геологиялык чалгындоо иштерине жылына валовой доходдон түшкөн каражаттын 4%ын жумшап туруулары зарыл эле. 2020-жылдарда бул жакка бөлүнө турган акчанын суммасы 220 миллион доллардан кем эмес болгон. Биз муну юристтер аркылуу далилдеп, бөлдүрүп алмакпыз. Бул да ошол мезгилде чечилбей калган. Андан сырткары, “Центерра” компаниясы кетип жатканда маселе көтөргөнбүз. Булар ачык жол менен иштете турган 49 тонналык алтындын коруна тескери мамиле жасашкан. “Биз ачык жол менен иштетпейбиз. Кийин жер асты аркылуу иштетебиз” деген ой менен калтырып коюшкан. Учурунда бул боюнча да кат жазып кайрылганбыз. “Бизге жылына 17 миллиард сомдой акча ачык жол менен иштеткенден тапкан пайда болсо, аны жердин астында калтырып жатышса, үч жылда иштете турган алтындын кору 30-40 миллиард сом каражатты бюджетке түшүрүп берсин” деп алардан талап кылышыбыз керек эле. Бирок бул маселе да калып кеткен.
Бешинчи маселе: ошол мезгилде “Центерра”: “Биз силерге калдыктарды сактоочу жайда алтын калтырып кетип жатабыз” деп курал катары пайдаланып келишкен. Алар кетер алдында а жерде 80 тоннага жакын алтын болгон. Бүгүнкү күндө ал алтындын көлөмү 118 тоннага чейин жетти. Бирок ошол 80 тонна алтынды да булар баалап, “силерге калтырып кетип жатабыз” деп айтып келишкен. Эгер ошол мезгилде калдык сактоочу жайда иштетүү жолу оңой болсо, анда эмне үчүн канадалыктар аны иштетип алган жок? Алар карьерде жаткан алтындарды жардыруу жолу менен, мындайча айтканда, оор технология аркылуу иштетип, андан соң калдык сактоочу жайдагыларга тийишкен эмес. Илимдин, билимдин жетишкендиги менен келечекте бул боюнча ойлонсо болот. Ал калдык сактоочу жайдагы алтынды чоң басым, жогорку температура менен гана бөлүп алса болот. Себеби, цианид тийип бөлүнгөн алтынды кайра ажыратып алуу өтө оор. Аны иштетүү үчүн чоң басымды, жогорку температураны коюу зарыл. Ал өзүн актайбы-актабайбы (?) муну да байкап көрүү керек. Экинчиден, он миңдеген тоннадагы соляркаларды ошол жерге алып барып иштетсек, экология маселеси кантет? Ошону да ойлонуштуруу зарыл.
-- Ал убакта чечилбей калган маселелердин айынан азыркы учурда кандай акыбалга дуушар болуп жатабыз?
-- Силердин гезитиңер аркылуу дайыма белгилеп айтып келем, биздин рудникте иштеген жигиттер болгон кесипкөйлүгүн көрсөтүшүп иш алып барышууда. Бирок алтындын корлорунун аныкталбай калышы, 2028-2029-жылдарга чейинки запастарга эле чектелиши кендин перспективдүүлүгүнө таасир тийгизбей койбойт. Ушул маселелерди учурунда Акылбек Жапаров менен Теңгиз Бөлтүрүк туура чечип бергенде, жогоруда айтылган кырдаалдар жаралмак эмес. Себеби, биз өзүбүз “Центерранын” калтырган корлорунан жылына 15 тоннадан 17 тоннага чейин алтын алып турабыз (!) деген ойдо болуп келгенбиз. Тилекке каршы, өткөн жылы 13,5 тонна алтын алсак, кийинки жылы 12,5 тоннадай алтын алсак, демек, бул алтындын төмөндөп бара жатканынын көрсөтүүдө. Себеби, “Центерра” калтырган алтындын көлөмүн биздин комиссияда иштеген адамдар тууралап, так өткөрүп албаганынын кесепетинен ушундай кырдаалга дуушар болуп жатабыз.
"Азия Ньюс" гезити