Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыргызстанда коронавирустан 16 кош бойлуу аял каза болду

Кыргызстанда коронавирустан 16 кош бойлуу аял каза болду

10-сентябрь, 05:53
409 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бул тууралуу 9-сентябрда коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди. Маалыматка караганда, алардын абалы оор болгондуктан, дарылоого карабастан каза болуп калышкан.

COVID-19 вирусу жуккан кош бойлуу аялдардын арасынан жеңил абалдагы оорулуулар үй шартында, орточо жана оор абалдагы бейтаптар Бишкектеги №2 төрөт үйүндө дарыланып жатышкан.

Вирустун катталуусу азайгандыгына байланыштуу алар азыр жугуштуу оорулар бөлүмүндө дарыланышууда. Ушул күнгө чейин 536 кош бойлуу аял сакайып чыккан.

Республикалык штаб кош бойлуу аялдарды диагностикалоо жана дарылоо көрсөтмөлөрү өзгөртүлгөнүн кабарлады.

Коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери Кыргызстанда бул илдет 44 миң 613 адамга жукту, алардын 40 миң 336сы айыкты, 1063 бейтап каза болду.


“Азия Ньюс” гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер