Дарика Асилбекова: “Кыз-келиндерибизге зордук-зомбулук жасоо күчөдү, оор абал туу чокусуна чыкты”


“Ак жүрөк” кризистик борборунун жетекчиси менен маек.
-- Учурда коомдо аялзатына болгон зордук-зомбулук күн санап кайталанчу болду. Кыздар коргоого муктаж заманга келгендейбиз. Кандай пикириңиз бар?
-- Мен бул маселеге эч качан кайдыгер карай албайм. Анткени, биздин түздөн-түз жасап жаткан ишибиз коомчулуктун, керек болсо мамлекеттик деңгээлде көңүл бурула турган маселе болуп жатат. Бүгүнкү күндө кыз-келиндердин зордук-зомбулукка кабылышы өтө өкүнүчтүү. Улуттун учугун кыз-келиндер улайт. Кызын сыйлаган, аялзатын сыйлаган мамлекеттин түбү түптүү боло турганы тарыхта белгилүү. Биз бүгүн бийик деңгээлдеги коркунучтуу акыбалга жетип калдык. Бизге кайрылган эле кыз-келиндердин маселесине токтоло кетсем, статистикада “зомбулукка кабылгандар 62%дан ашып жатат” деп айтып жатышат. Мен “65%дан ашат” деп айта алат элем. Бул күндөн-күнгө орчундуу маселеге айланып баратат. Аялзаты эле эмес, эртеңки күнү эне боло турган жаш жеткинчек кыздарыбыз зомбулукка кабылып жатканы өтө өкүнүчтүү. Окуя болуп өткөндөн кийин эле ызылдап калбай, ал маселенин үстүндө дайыма иш алып баруу зарыл. Биз канчалык айтып чыкпайлы, канчалаган жумуштар аткарылбасын, учурунда гана айтылып, көйгөй чечилбегени өкүнүчтүү.
Чындыгында кыз-келиндерибиз болуп көрбөгөндөй зордук-зомбулукка дуушар болуп, бул оор абал туу чокусуна чыгууда. Алар кандай көйгөйгө, кандай зомбулукка кабылбасын, өздөрү менен өздөрү жалгыз калып калган учурлары көп. Булардын көйгөйүн чечүүгө абдан ынтызар болгон, ушунчалык ошого күйүп-бышкан адамдар аз, ал гана эмес жокко эсе.
Ар бир жаран буга кайдыгер карабаш керек. Мамлекет үй-бүлөдөн түзүлөт. Үй-бүлө куласа – бул мамлекеттин кулаганы. Ар бир үй-бүлө урап жатканда кайдыгер болгонубуз – бул биздин чыккынчылыгыбыз.
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити











