Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Дарак бир жерден көгөрөт”, же коомго үлгү Эркин Темирбаев

“Дарак бир жерден көгөрөт”, же коомго үлгү Эркин Темирбаев

28-январь, 21:05
755 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Арабызда бийлик же байлык үчүн жулкунбаган, бирөөнүн кемчилигин аңдып келекелегиси келбеген, эки жүздүү эмес, бир багытта сылык-сыпаа, кемчиликтерге кайдыгер карабаган, адептүүлүк менен бетке айтышкан адамдар четки айыл-кыштактарда дале бир топ десем жаңылышпайм. Алардын бири замандашым Эркин аке Темирбаев. Бул кишинин киндик каны советтик мезгилде мурдагы Фрунзе районунун Охна кыштагында тамган. Ата-энеси катардагы эле карапайым жумушчу-дыйкандардан болушкан экен. Азыр жапжашыл бакка чүмкөнгөн бул айыл тоо койнунда, Кадамжай шаарынын өйдө тарабында абасы таза, мөлтүр кашка тунук суусу бар, далайларды суктандырган жер. Ал жерден тарыхыбызда алтын тамгалар менен жазылып калган залкар инсандар Кулукей Баатыр, Абдимомун ырчы, Полот хан, Абдыкадыр Орозбеков баштаган бабалар чыгышкан. 

Улуу инсандардын таасириби же таза абанын, тунук суунун илебиби, болбосо ата-энесинин туура таалим-тарбиясыбы, айтор, Эркин жаштайынан эмгекчил, калыс, аруулукка умтулган бала болуп чоңойду. 1972-жылы Ф.Энгельс атындагы орто мектепти аяктап, Ош шаарындагы айдоочуларды даярдоочу техникалык мектепти ардак грамота менен бүтүргөн. Анан курдаштарынан калышпай жигиттик ыйык милдетин абийирдүүлүк менен өтөп келет. Анда да бир топ грамоталарды, алкыштарды алыптыр. Аскердик милдетин жакшы аткарып, айылына келген соң, улуулардын кеңеши менен союзга даңкталып өнүгө баштаган М.Фрунзе атындагы Кадамжай сурьма комбинатынын металлургиялык заводуна катардагы мешчи-эритүүчү болуп жумушка орношот. Э.Темирбаевдин эмгек китепчесинде ушул жерде туура 28 жыл иштеп, 2005-жылы ардактуу эс алууга чыкканы бадырая жазылып туру. 28 жыл бою техникалык жоопкерчилиги жогору, бир топ татаал, ден соолукка зыяндуу жердин түйшүгүнө чыдап эмгектенүү жеңил эмес эле. Деги эле дүйнөгө таанылган кыргыз сурьмачылары туурасында бир топ иликтөөлөрдү жүргүзүп, гезит-журналдарга, китептерге жарыялаган элем, бүгүнкү окурмандарга да маалымат кошо кетүүнү туура таптым.

Кадамжай сурьма комбинаты советтик мезгилдин алгачкы жылдарында түзүлүп, жылына миң тоннага дейре түстүү металлды өндүрүп, элүүдөн ашык мамлекетке экспорттой турган. Тазалыгы 99,99 пайыз болуп, 1957-жылы Германиянын Лейпциг шаарындагы эл аралык ярмарканын алтын медалына татыган. Кыргыз сурьмасы эл чарбасынын күкүрттөн тартып атомдук кемелердин боёгуна чейинки 22 тармагында керектеле турган. Үч жарым миңдей жумушчулар менен инженер-техник кызматкерлер иштеген бул чоң өнөр жайы убагында Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган. Көп улуттуу комбинат Ош облусунун кирешесин арттырууга салмактуу салымын кошуп келди. Ийгиликке катардагы жумушчу Эркин Темирбаевге окшогон далай кенчи-металлургдар салымдарын кошушкан. 

Адегенде даңктуу металлург, Социалисттик Эмгектин Баатыры Сайдулла Тешеевдин бригадасына кабыл алынса, кийинчерээк ал аксакал пенсияга узаган соң СССР Жогорку Советине үч жолу депутаттыкка шайланган, көптөгөн орден-медалдардын, сыйлыктардын ээси Зулпукар Маматов менен астейдил иштешти. Аста-аста анын тажрыйбасы артып, үч кычкылдуу сурьма цехинде мастерлик даражага көтөрүлдү. Белгиленген план-тапшырмаларды ашыра аткарып, рационализатордук сунуштарды берип, аброю кескин жогорулады. Муну биз аңдап көргөн ага ыйгарылган Кадамжай сурьма комбинатынын, Кыргызстан тоо-кен өнөр жай кызматкерлеринин профсоюздарынын грамоталары, алкыш айтуулары тастыктап турат. 1980-жылы ал республикабыздын атынан башка кесиптештеринин катарында Магнитогорск шаарындагы жаш металлургдардын Бүткүл союздук слетуна делегат катары катышып келет. Кезегинде Кадамжай сурьма комбинатынын ардак тактасына ысымы жазылган. Өзүнүн устаты Зулпукар Маматов ардактуу эс алууга чыкканда заводдогулар аны толугу менен колдошуп, бригадирликке шайлашат. Союздун соңку жылдарында Э.Темирбаев башкарган бригада мыкты иштеп, мелдеште жеңип чыгып, өлкөбүздүн казынасына татыктуу салымын кошо алды. 

Мезгил алга адымдап, соңунда биз эңсеген коммунизм ыраактап, социалисттик державабыз талкаланып кетти. Жетимиш жыл бою дүркүрөп өнүккөн республикабыз да талкаланып, алгачкы президент баштаган жегичтер, коррупционерлер башка үлкөн ишканалардын катарында Кадамжай сурьма комбинаты да талкаланып, заводдогу, шахтыдагы, башка цехтердеги татаал жабдуулар уурдалып, текейден арзан баага Кытайга сатыла баштаганда, стандарттуу мейманкана, директордун заңгыраган үйү, колхоз базары, кеңселер ачкөздөр тарабынан тонолгон кезде жаштарга кошулуп, Бишкектеги Акүйгө дейре барып, нааразылык билдиришти. Канча аракет кылышса да аны, катардагы жумушчуну алгачкы президент кабыл албай, комбинатты казактарга сатып жиберди. Көптөгөн жылдар бою бешене тер төгө адал эмгектенген ондогон жумушчулар, адистер ошондо көз карандысыз мамлекетибиздин башчыларына нааразы болушту.

Мындай жемкорлорго каршы чыгуу Эркиндин дээринде бар. Ал 2005-жылы ардактуу эс алууга чыккандан кийин да үйүндө эс алып жатып алган жок. Ар кандай коомдук иштерге активдүү катышып, бей-бечараларга колдон келишинче көмөк көрсөтүүдө. Каарманым тууралуу аны менен бир комбинатта чогуу эмгектенишкен Сайдибакас Алмаматов, Аширали Рахманалиев, Убайдилла Мамытов жана мугалими Тажи Бакировалар менен баарлаштым. Баардыгы анын карапайымдыгын, эл үчүн ак дилден иштээрин, мээнеткечтигин баса белгилешти. Алсак, Кара-Кечиктеги мечитти араб сүрөөнчүлөрү менен курууда анын демилгеси жана аркети зор болгон экен. Кассага түшкөн каражатты айрым бир замандаштарга окшоп четинен жеп койбостон, тыйынынан бери көзөмөлдөп, өзүнүн тазалыгын көрсөтүптүр. Аялдар үчүн өзүнчө намазкананы курдуруп берген. Ал баардык эле адамдар менен тил табыша билип, өзүн көрсөтүүгө умтулбаганын, рекламаны жаман көрөрүн баса белгилешти. Ушундай кошоматчы эмес, “пахта койгонду” билбеген аксакалдарыбыз көп болгондо, дагы да алга илгерилейт белек...

Эркин ава байбичеси Катыча апа менен беш уул, бир кызды, 17 неберени татыктуу тарбиялап өстүрүштү. Өткөн жылдын соңунда ага “Кыргыз Республикасынын ардактуу аксакалы” деген коомдук сыйлык ыйгарылды. Биз 70 жаштын кырына чукулдап калган, бактылуу үй-бүлөнүн туткасы болгон Эркин Темирбаевге чың ден соолук жана үй-бүлөлүк бак-таалай каалайбыз!


Адылжан Жажанов, журналист 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер