Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аскар Жумагулов, коомдук ишмер: “Ахматбек Сүйнбаевге Кыргыз Эл Баатыры наамы берилсин”

Аскар Жумагулов, коомдук ишмер: “Ахматбек Сүйнбаевге Кыргыз Эл Баатыры наамы берилсин”

15-февраль, 11:00
962 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Чүй облустук аксакалдар кеңешинин төрагасы Аскар Жумагулов агабыз менен жолугуп, бир кезде он жыл башкарган Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы Ахматбек Сүйүнбаевдин 100 жылдыгы тууралуу чакан кеп курадык. “Ушул кишиге КР Эл Баатыры наамын берип койсо ашыкча болбос эле” дейт...  

-- Аскар ага, айтсаңыз, Ахматбек Сүйүнбаевди жакшы билген адамсыз. Бу киши Улуу Ата мекендик согушка катышканбы?

-- Бу киши согушка катышканда дагы 1939-жылы 19 жашында финн согушуна катышып, ал бүткөндөн кийин 1941-жылы Улуу Ата мекендик согуш башталып калып, мунун башынан аягына чейин Беларусь фронтунда маршал Жуковдун командасында болуп, 1945-жылы апрель-май айларында Берлинди алган киши. Батальондун командири катары айтылуу Рейхстагды алууда жандуу катышкан офицер экен. Согуш бүткөндөн кийин да эки жыл чамасы Германияда калып, 1947-жылы мекенге кайткан. 

-- Быйыл 100 жылдыгы белгиленип атат. Мамлекет тарабынан колдоого алындыбы?

-- Ооба, жакында эле колдоого алынды. Биз ага чейин өткөн жылдын сентябрь айынан баштап, 100 жылдыгы мамлекеттик деңгээлде белгиленсин (!) деген ниетте республиканын баардык аймактарындагы ардагерлер демилге көтөрүп баштаганбыз. Ахматбек ага менен бирге иштеген 20 чакты ардагер, Социалисттик Эмгектин Баатырлары, Оштун губернатору, Бишкектен жоон топ коомдук ишмерлери президентке кат жазышты. Бийликтин эң бийик сересинде иштегендердин арасынан жападан жалгыз согушка катышкан адам. Раззаков, Усубалиев, Кулатов, Ибраимов, Масалиевдер менен чогуу иштешти. Мен жогоруда айткан беш киши тең Кыргыз Эл Баатыры наамын алышкан... 

Каарманыбыз быйыл 100гө чыгат. Улуу Ата мекендик согуштун бүткөнүнө 75 жыл болуп, улуу майрам болгону турат. Ушуга байланыштуу президентке кайрылып, “Ахматбек Сүйүнбаевге Кыргыз Эл Баатыры наамын берип койсо болот эле” деп атабыз. Муну кыргыз коомчулугу да колдоп атканын президент билет.


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити  


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер