Бишкекте ок атышкандар “Коопсуз шаардын” көзөмөл видеосу аркылуу кармалышты
Кечээ, 9-декабрда кечинде, Бишкек шаарындагы Гагарин жана Чапаев көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз адамдардын ортосунда ок атышуу болгон эле. Тартип сакчылар тарабынан кылмышка шектүү эки жаран кармалды.
Кылмышка шектүү жарандар Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун 24 жаштагы тургундары болгон. Шектүүлөрдүн жанынан огу жок “Макаров” куралы табылды.
Маалыматтар боюнча жабыркагандар менен шектүүлөрдүн ортосунда бир жарым жылдан бери пикир келишпестик болуп келген.
Эскерте кетсек, 9 - декабрда саат жети жарымга чукул Гагарин жана Чапаев көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз автоунаадан “Тойота-Авенсис” үлгүсүндөгү машинеге ок атылган. “Тойота-Авенсистин” ичинде үч киши болгон жана алар белгисиз автоунааны кубалап баратып жол кырсыгына кабылган. Окуя болгон жерден “Макаров” куралыныкы болушу мүмкүн делген октун алты гилзасы табылган. “Тойота-Авенсис” автоунаасы тинтүүгө алынып, жабыркагандардын буюмдары алынган. Жабыркагандар Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна жеткирилген.
Атышууга шектүүлөр “Коопсуз шаардын” видео көзөмөл байкоолорунун жардамы менен табылган.
Aryba.kg