Турсунбай Бакир уулу, ажы: “Кыргызстан боюнча дагы жүздөгөн байлар камалат”
-- Турсунбай агай, УКМК башчысы Камчыбек Ташиев мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз менчиктештиргендер караларын айтты. Кимдердин мүлкү мамлекетке кайтарылышы мүмкүн?
-- УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бул сөзүн Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылында Равшанбек Сабиров атасынын атына салынган мечиттин ачылышында кайталады. Ошол сөзүндө Жалал-Абадда Тумановдор мыйзамсыз менчиктештирип алган мамлекеттик мүлктү кайтарганын айтып, Кара-Сууда да мыйзамсыз менчиктештирилген мамлекеттик жерлерди, имараттарды 10 күндүн ичинде кайра мамлекеттик менчикке кайтаруусун баса белгиледи. Ошол эле сөзүндө өлкөбүздүн ар бир районунда мамлекетти, элди тоноп байып кеткен бештен, ондон адам бар экенин эскертип, алардан кайтаруу жөнүндө маселе козгоду. “Кустуризациянын” 2-этабы башталды. “Эми кускандан кийин да баары бир эркиндигинен ажыратылат!” дегенин эстесек, анда Кыргызстан боюнча дагы жүздөгөн байлардын камалышына күбө болобуз.
"Азия Ньюс" гезити