Аялымды таштай албайм, бирок башка жанга арзып жүрөм...
Үй-бүлөлүүмүн, кызым бар. Жубайым экөөбүз жети жыл жүрүп, үч жыл мурун баш кошконбуз. Келинчегим акылдуу, жакшынакай, аябай камкор. Экөөбүз жумуштан таанышканбыз. Дароо эле баш-отум менен берилип сүйүп калгам. Азыр да жакшы көрөм. Жубайым менен кайын журтумдун менин өсүшүмө, адам болуп калыптанышыма салымы чоң. Ата-энем жок болгондуктан, кайната, кайненемди жакын көрөм, ортодо жылуу, сый мамилебиз бар. Болгону келинчегимдин ит кыялы жүрөккө тийип бүттү. Элдин көзүнчө жадырап-жайнап, айтканым менен болуп келет. Бөлөк-бөтөн киши жок жерден кемирип-жей баштайт. Жакшы көңүл бурбай жатканымды айтат, кызгана берип кулак-мээмди жейт. Баарына чыдап келдим, мамилебизди бузбайын деп аракет кылчумун. Анүстүнө жытыбыз сиңишип калгандан кийин майда-барат нерсеге көңүл бурбай келдим. Бирок жакынкы күндөрү башка аялга арзып калдым...
Ал экөөбүз да жумуштан таанышып, алгач жөн гана сый мамиледе жүрдүк. Жакшы сүйлөшчүбүз, менин көңүлүмдөгүдөй аял эле. Убакыттын өтүшү менен ансыз жашай албай калганымды түшүндүм. Эми үйдөгү жаңжалдар анчалык жүрөктү оорутпай, жумуштагы маселелер да мурункудай курч болбой калды. Мен аны катуу сүйдүм. Бирок аялымды таштап кете албай турганымды жакшы билем. Учурда жанымды коёрго жер таппай жүрөм. Анткени кызым бар, ажырашсам жубайым кызымды таптакыр көрсөтпөй коёт. Эч качан кечирбейт дагы. Аялдык туюму менен бир нерседен шек алып жаткандай, бирок илинчеги жок болгондуктан эч нерсе дебейт. Санаам, сүйүүм асыл жанда...