Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Акылбек Жапаров өлкөнүн бюджетин кантип эки эсеге көбөйттү?

Акылбек Жапаров өлкөнүн бюджетин кантип эки эсеге көбөйттү?

07-февраль, 20:15
1 575 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ушул кызматка дайындалып жатканда президентке берген убадасын аткарып, эки жылда өлкөнүн бюджетин эки эсеге көбөйтүүгө жетишкендигин айтууда. Ошол эле маалда ал өзүнүн бир катар сүйлөгөн сөздөрүндө Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) кызматкерлери анын жетишкендиктерин «экономикалык керемет» катары сыпаттаганын кошумчалады. ЭВФтин кызматкерлери ошентип айттыбы же айткан жокпу, аны тактоо кыйын, бирок президент Садыр Жапаров министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйынында “Акылбек Жапаров жетектеген министрлер кабинети 2022-жылды абдан ийгиликтүү аяктады” деп, бюджетти эки эсеге көбөйтүү тууралуу Акылбек Жапаровдун сөзүн кайталады. 

“Кыргызстан гүлдөй баштады” деген кабар бүткүл дүйнөгө желдей тарап, эми Кыргызстанга ар кайсы өлкөлөрдөн жуучу келип, кыргыздын Ли Куан Юсу талашка түшкөндүгү тууралуу айтылууда. Канчасы жалган, канчасы чын экенин билбейм, бир кабарда Россиянын президенти Владимир Путин “биз Украина менен согушуп кыйналып кеттик, Садыр Жапаров тил алса Акылбек Жапаровун эки жылга бизге бере турсун, биз дагы бюджетибизди эки эске көбөйтүп алалы” деп киши жиберген дешет. Экинчи бир кабарда коңшу Казактандын президенти Касым-Жомарт Токаев «мен президенттикти жаңы баштап кыйналдым, Акылбек Жапаровуңарды жок дегенде бир жыл бере тургула, келип кереметти кантип жасоо керектигин үйрөтүп кетсин» деп биздин президентке салам-дубай айттырган имиш. Садыр Жапаров болсо “алтындай болгон Акылбегимди эч кимге бербей калайын” деп көшөрүп отурат дейт. Биз Акылбек Жапаровдун бюджетти эки жылда эки эсе көтөрүү сырын иликтеп көрүүнү чечтик.

Алдын ала айтып коюшум керек, алар – президент, премьер-министр дагы “бюджет” деген сөздүн ордуна “консолидацияланган бюджет” деген сөздү колдонуп жатышат. «Консолидацияланган бюжет» деген эмне? Акылбек Жапаров бюджетти көбөйтөм деп жатканда “консолидацияланган бюджетти көбөйтөм” деп айтты беле, же “мамлекеттик бюджетти көбөйтөм” деп айтканбы? Кепти ошондон баштайлы.

«Консолидацияланган бюджет» деген эмне деп америкалыктан же немецтен сурасаңыз, алар ийинин куушуруп тим болушат. Мындай сөздү түшүнүшпөйт. Ал эми сиз Акылбек Жапаров менен Садыр Жапаров мамлекеттик бюджетке социалдык фонддун (соцфонд) жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (ММКФ) бюджетин кошуп, сумманы «консолидацияланган бюджет» деп атап жатышкандарын айтсаңыз, алар жооп берүүнүн ордуна кайра сизден «ошентсе да болобу?» деп сурары бышык. Мамлекеттик бюджет – бул мамлекеттин акчасы, ал эми соцфонд болсо жеке менчик акчалар. Акыркысы картайып, ишке жарамсыз болуп калганда “кайра алам” деп соцфондго убактылуу сактап туруу үчүн берилген пенсионерлердин акчасы. Аларды бир жерге үйүп салуу мамлекеттик акча менен жеке менчик акчанын айырмасын жакшы билбегендердин, мамлекеттик казынаны өз чөнтөгүндөй көргөндөрдүн гана колунан келет. 

Батышта консолидацияланган бюджет деген неме айрым учурда компаниялардын кирешелерин анализдөө учурунда колдонулат. Ал жакта консолидацияланган бюджет катары башкы компания менен анын туунду компанияларынын бюджетеринин суммасын аташат, анткени алардын түпкү ээси бирөө эле. Өлкөнүн бюджетине карата бул термин ал жерлерде колдонулбайт. Бул термин Россияда гана бар. Анын стандарттарын биз жакындан бери жигердүү пайдалана баштадыкпы? Биздин Бюджеттик кодексте мындай берененин пайда болушун ушуну менен гана түшүндүрүүгө болот. Бирок орустар деле консолидацияланган бюджетке биздин социалдык фонддун аналогу болгон пенсиялык фондду, милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондун киргизишпейт. Алар үчүн консолидацияланган бюджет – биз мамлекеттик бюджет деп атап жүргөн нерсе эле. Ал федералдык жана ар кандай деңгээлдеги жергиликтүү бюджеттердин суммасынан турат. Социалдык фондду жана медициналык камсыздандыруу фондун консолидацияланган бюджетке киргизүү консолидацияланган бюджетти экономикалык маанисинен ажыратып гана тим болбостон, кооптуу да кылат. Эгерде соцфондго түшкөн акчаны бизде практикаланып жүргөндөй, ММКФга эркин которо беришсе, анда эч ким соцфонд менен иштешүүгө кызыкдар болбойт. Эгер сиздин соцфондго төлөгөн акчаңызды сиздин уруксатыңыз жок эле ММКФга бере берсе, соцфондго взнос төлөөнүн эмне кереги бар? Биздин жарандардын камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөнү каалабагандыгынын себептери мына ушунда жатат.

Бирок Акылбек Жапаров кызматка дайындалар алдында 2021-жылы бюджетти 280 миллиард сомго, 2022-жылы 400 миллиард сомго чейин жеткирем” деп жана башка ушундай сыяктуу убада бергенде, консолидацияланган бюджетти эмес, так ушул мамлекеттик бюджетти айткан болчу. Муну бир нече талашсыз фактылар далилдеп турат. Учурунда баардык ММКлар мамлекеттик бюджет тууралуу жазышкан, болгондо да Акылбек Жапаровдун сөзү катары цитата түрүндө, тырмакчага алып жазышкан. Ал эми Акылбек Жапаров болсо «силер менин сөзүмдү бурмалап жатасыңар, мен консолидацияланган бюджет жөнүндө айтып жатам» деп бир дагы жолу түзөтүү киргизген эмес. Бюджетти кантип көбөйтөсүң?” деп депутаттар сурашканда, ал көмүскө жүгүртүүлөрдү, бажыдагы көйгөйлөрдү, б.а. республикалык бюджеттин статьяларына тийшелүү маселелерди гана айтып, бирок ал соцфонддун жана ММКФга байланыштуу булактар жөнүндө бир да жолу ооз ачкан эмес. Ал консолидацияланган бюджетти эки эсе өстүрөм деп айтпаганына дагы бир айныксыз далил: ал убада берип, кызматка киришип атканда, 2021-жылдын октябрында консолидацияланган бюджет төмөндө келтирилген (1-таблица) биздин эсептөөлөрүбүздөн көрүнүп тургандай, 280 миллиард сом болуп турган. Болуп турган нерсени кантип болтурам демек эле? Инстраграмдагы президенттин баракчасына шилтеме берип, «Economist kg» сайты 2021-жылдын 13-октябрында минтип жазган: «Президент Садыр Жапаров эгерде министрлер кабинетинин башчылыгына көрсөтүлүп жаткан Акылбек Жапаров бюджеттин кирешесин 120 миллиард сомго көбөйтпөй турган болсо, чара көрөрүн убада кылды». Президент айткан 120 деген сан да кеп консолидацияланган бюджет жөнүндө эмес эле мамлекеттик бюджет жөнүндө болуп жатканын көрсөтөт. Анткени 2020-жылдын 152 миллиардына 120 миллиардды кошсок, Акылбек Жапаров 2021-жылга убада кылган 280 миллиардга жакын сан чыгат. Айтылган сандар мамлекеттик бюджетке тийешелүү экендигин далилдеген мындай фактылар өтө эле көп. Ал эми консодиацияланган бюджет деген сөз кыргызстандыктардын оозунда жакында эле, эки ай мурун пайда болду. Бул сөз премьердин оозунан чыкканда көптөгөн адамдар Акылбек Жапаровдун убадасын аткарууда көйгөйлөр келип чыкканын дароо түшүнүшүп, ал сандарды бурмалоого киришкенин айта башташкан болчу. Ошентип Акылбек Жапаров өз убадасын канчалык аткарганын төмөнкү таблицадан карайлы. 


Таблица 1. Министрлер кабинентинин төрагасы Акылбек Жапаровдун президент Садыр Жапаровго берген убадасынын аткарылышы



2020-жыл

2021- жыл

2022- жыл

2023- жыл

2024- жыл

Жапаровдун убадасы, миллиард сом



280

400

500

600

Аткарылышы, миллиард сом


152

210

262



Аткарылышы, %



75

65



Бир жылдык өсүш темпи, %



138

125



2020-жылга карата жалпы өсүш темпи, %

100

138

172




Таблицада көрүнүп тургандай, Акылбек Жапаров 2021-жылга убадасын 75%, 2022-жылга 65% аткарган бюджеттин өсүү темпи министрлер кабинетинин төрагасы айткандай эки эсе эмес, 72% эле болгон (төмөндө бул көрсөрткүчтөргө олуттуу тактоо киргизилет).

Ушуну менен жанын сактап калчудай Акылбек Жапаров жармашкан консолидацияланган бюджет жөнүндөгү кепти жыйынтыктаса болор эле, бирок мен анын да эки эсе өспөгөнүн көрсөткүм келет. Бюджеттик кодекске ылайык консолидацияланган бюджетти аныктоо үчүн мамлекеттик бюджеттин, соцфонддун бюджетинин жана ММКФнын бюджетинин киреше бөлүгүнүн суммасын чыгардым. Эскерте кетчү нерсе, мен консолидацияланган бюджетти так эсептедим деп айта албайм, анткени менде бул үчүн керек делген толук маалымат жок. Ошондуктан жетишпеген маалыматты алуу максатында финансы министрлигине жана ММКФго кайрылгам, бирок алар менин суроолорума жакын арада жооп бериши күмөн. Мен улуттук статистикалык комитеттин сайтынан мамлекеттик бюджет жана соцфонддун бюджети боюнча маалыматтарды алдым, бирок анда 2022-жылга карата маалымат октябрь айы менен чектелет экен. Мен 2022-жылды болушунча толугураак камтуу үчүн 2022-жылдын ноябрь айына чейинки маалыматты финансы министрлигинин сайтынан алууну чечтим. Көйгөй ММКФга байланыштуу маалыматтар боюнча жаралды. Бул фондго тийешелүү маалыматтар улуттук статистикалык комитеттин сайтында да, бул уюмдун өзүнүн сайтында да жок болуп чыкты. ММКФнын сайтынан кирешени бекиткен мыйзамдарды гана таба алдым. Так маалыматтар жок болгондуктан, ушул маалыматтар менен чектелүүгө туура келди. Эң негизги маселе, мен чогулткан маалыматтар акчаны кайталап эсептебеш үчүн фонддор бири-бирине которгон акчаларды алып салууга – тазалоого мүмкүндүк бербеди. Бирок кайталап эсептөө бюджеттин динамикасына – консолидацияланган бюджеттин өсүш темпин эсептөөгө көп деле таасир бере албайт. Анткени кайталанган эсеп салыштырылган көрсөткүчтө, базалык көрсөткүчтө да болот, ал эми консолидацияланган бюджеттин динамикасын болсо ири фонд катары мамлекеттик бюджеттин өзгөрүшү эле аныктап коёт.


Таблица 2. Консолидацияланган бюджеттин өсүш темпи


2020-жыл

2021-жыл

2022-жыл

2023-жыл

2024-жыл

Мамлекеттик бюджет, миллиард сом

152

210

262



 Соц фонддун бюджети, миллиард сом

56,1

62,6

68,5



ММКФнын бюджети, миллиард сом


17,2

15,4

20,2



Консолидацияланган бюджет, миллиард сом

225,3

288,0

350,7



Бир жылдык өсүш темпи, %


128

121



2020-жылга карата жалпы өсүш, %

100

128

155




2-таблицада көрүнүп тургандай, консолидацияланган бюджет Акылбек Жапаров айткандай эки эсе эмес, 55%га гана өскөн. Акылбек Жапаров Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөздөрүнүн биринде консолидацияланган бюджет 1,5 эсе өстү деген жайы бар. Бул сан биздин эсепке жакын болгонуна караганда, ал чындыкка жакын көрсөткүч жана аны премьер байкабай айтып алды деп болжосо болот. Бирок ал акыркы учурда эки эсе өстү дегенге биротоло өтүп алган. Эгерде 2020-жыл үчүн мамлекеттик бюджетти, ал эми 2022-жыл үчүн консолидацияланган бюджетти алып эсептесе, бюджет эки эсе өскөн болуп чыгат. Акылбек Жапаровго консолидацияланган бюджет ушундан улам керек болгону көрүнүп турат. Бирок бул анык көз боёмочулук. Бирөөнүн кулагын кесип алып экинчи бир адамга чаптагандай эле нерсе. Мындай бурмалоого башка адамдардын баарын келесоо ойлогон, калпты чындай айткан, кошомат кылуу жагынан астына киши салбаган Акылбек Жапаровдон башка киши бара албайт!

Экономикалык өсүш жана салыктан качкандарды кармап, андан салыкты төлөтүп алуу – бюджетти толтуруунун жалгыз булагы эмес. Бюджетти чет өлкөдөн жана ичтен карыз алып толтурса болот. Аны инфляция деген нерсе автоматтык түрдө толтуруп берет. Тарыхта инфляцияны атайын жасап, акча барктуу болуп турган кезде алган карызынан инфляциянын жел акчасын берип, оңой кутулуп кеткен өкмөттөр да болгон. Экономикалык маалыматтарды анализдеп жатып, Акылбек Жапаров “бюджетти жалаң ички ресурстардын эсебинен гана толтурабыз” дегенине карабай, анын өкмөтү мурдагы өкмөттөргө салыштырмалуу тыштан карыз жана грант алууну көбүрөөк пайдаланганын байкадым. Мисалы, Алмазбек Атамбаевдин тушунда (анын бир жылын эсептебегенде) анын өкмөтү тыштан алган акча бюджеттин 10%ынан ашкан эмес. Ал эми Акылбек Жапаровдун өкмөтү тыштан алган акча 2021-жылы 14 миллиард сомду, 2022-жылдын 11 айында 12,5 миллиард сомду түзүп жатат. Ошондой болсо да бюджетти көбөйтүүдө инфляция негизги ролду ойногон. Ошондуктан инфляциянын бюджетке тийгизген таасири кененирээк сөз кылууга татыйт. 

Анын механизми төмөнкүдөй. Салыктын дээрлик баардык түрлөрү товардын наркына байланган жана ушул себептен товардын баасы өссө, аны менен бирге салыктын көлөмү да өсөт. Инфляция деген ушундай нерсе, ал эч кандай күч жумшабастан, экономикалык өсүшсүз эле бюджетти көбөйтүп салат. Өткөн кылымдын 90-жылдары Акаевдин тушунда өлкөнүн бюджети эки эсе эле көбөйбөстөн, бир жылдын ичинде үч эсе көбөйүп кеткен учурлар болгон. Ошондо Акылбек Жапаровдой эч ким мактанган эмес. Анткени, бюджеттин мындай жол менен көбөйтүлүшү ийгилик эмес, тескерисинче, кемчилик, өзгөчө инфляция сиздин күнөөңүздөн улам болуп жатса. Менде 2022-жылга карата маалымат жок, ал эми 2021-жылдын маалыматтарын карай турган болсок, инфляциянын деңгээли боюнча Кыргызстан дүйнөнүн 200гө жакын өлкөсүнүн ичинен 14-орунга суурулуп чыгыптыр. Бул биздеги инфляцияны дүйнөлүк процесстин туундусу катары мүнөздөп, “баа баардык өлкөлөрдө өсүп жатат” деп актанууга негиз жок экенин көрсөтөт.

Адатта дүйнөлүк практикада статистикалык көрсөткүчтөрдү инфляциянын жел өсүшүнөн тазалап, реалдуу өсүштү аныктап туруп, анан пайдаланышат. Ошондо гана алар чыныгы көрүнүштү чагылдыра алышат. Мисалы, “быйылкы жылы ИДПнын өсүшү канча болду?” деген суроого ошол эле Акылбек Жапаров 2022-жылдын январынан ноябрына чейин 781 миллиард 388,7 миллион сом ИДП өндүрүлүп, өткөн жылдын ошол эле мезгилинде өндүрүлгөн 625 миллиард 818 миллион сомдон 25%га көп болуп турса да, “7%” деген цифраны атайт. Ал ИДПнын инфляциядан тазартылган реалдуу өсүшү. Статистикалык органдар 2022-жылдагы ИДПнын реалдуу өсүшүн аныктоо үчүн 2022-жылы өндүрүлгөн продукциянын  2021-жылдагы баасы менен эсептеп чыгышат. ИДПга кирген товарлардын бааларынын өсүшүн “ИДПнын дефлятору” деп аташат. Жанагы 25% ИДПнын номиналдуу өсүшүн ушу дефляторго бөлгөндө 7% өсүш келип чыгат. Биз бюджеттин реалдуу өсүшүн аныктоодо дал ушу ИДПнын дефляторун пайдаландык.


Таблица 3. Мамлекеттик бюджеттин реалдуу өсүшү



2020

2021

Январь-ноябрь 2022

Бюджеттин аткарылышы, миллиард сом

152

210

262

Бир жылдык инфляция (дефлятор ВВП),

-

1,15

1,18

Кошуп эсептелген инфляция, коэффициенттер

1

1,15

1,35

2020-жылдагы баа менен эсептелген бюджет, миллиард сом

152

174

194

Бир жылдык реалдуу өсүш, коэффициенттер


1,14

1,11

2020-жылга карата жалпы өсүш, коэффициенттер 

1

1,14

1,27

«Жел бюджет» же инфляциянын таасири менен өскөн бюджеттин көлөмү, миллиард сом


36

68


Бул таблицада көрүнгөндөй, инфляция болбогондо 2021-жылы мамлекеттик бюджет 210 миллиард сомдун ордуна 174 миллиард сомду жана 2022-жылдын январь-ноябрында 262 миллиард сомдун ордуна 194 миллиард сомду түзүп, ал эки жылда 27% гана өсмөк. Орточо бир жылдык өсүш 11% эле болмок. 

Мындан Акылбек Жапаровдун “эки жылда бюджетти эки эсе көбөйтүп салдым” дегени апыртма экени көрүнөт. Анын “Кыргызстандын тарыхында мындай өсүш болгон эмес” дегени да карандай калп. Болгондо да көп жолу болгон жана Жапаровдун 11%ынан бир топ жогору өсүштөр эсибизде. Менин колумда 2008-жылдан тартып топтолгон маалыматтар гана бар. Ошол жылдан баштап карасак, мамлекеттик бюджет 2009-жылы 20% (Бакиев), 2011-жылы 34% (Отунбаева), 2012-жылы 12% (Атамбаев), 2013 жана 2014-жылдары ар биринде 17% (Атамбаев), 2017-жылы 15%га өскөн (Атамбаев), 2018-жылы 14% (Жээнбеков) болгонун көрөбүз. Бирок ал учурда мындай инфляция болгон эмес, анын таасири менен ал көрсөткүчтөр азыркыдай көбүрүп-жабырып рекорддук болуп чыкпаган. Негизгиси Акылбек Жапаровго окшоп инфляцияны өз кызыкчылыгына пайдаланып, “мен кыйратып салдым” деп айтканга ошол кездеги жетекчилердин абийири жол берген эмес.


Сапар Орозбаков 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер