Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Тилекмат Кудайбергенов: “Адыл Жунус уулу Кытайдын тыңчысы катары айтылууда”

Тилекмат Кудайбергенов: “Адыл Жунус уулу Кытайдын тыңчысы катары айтылууда”

08-январь, 22:45
1 460 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Жетим-Тоону коргоо” кыймылынын төрагасы соңку аракеттери боюнча айтып берди.

-- Жетим-Тоону иштетүүгө эмне үчүн каршысыз?

-- Жетим-Тоодо геологиялык, экологиялык, экономикалык дагы чалгындоо иштери жүргөн эмес. Садыр Нургожоевичте Жетим-Тоо боюнча толук маалымат жок экен. Эч бир адис менен кеңешпей туруп, “Жетим-Тоону чийки зат катары четинен казып сатабыз” дегени таңгалдырып жатат. Эгер мыйзам чегинде этап-этабы менен иш жүргүзсө, 3-4 жыл кетет экен. Бизди түйшөлткөн эң негизги маселе, андан калган зыян. Биздин позиция – бүгүнкү бийлик тушунда Жетим-Тоо иштетилбеши керек. 

-- Аны иштетүүгө кызыкдар болуп аткандарга жең ичинен соодалашып койгон (!) деген дооматтар айтылууда. Болушу мүмкүнбү?

-- Анын дүйнөлүк биржадагы баасы толук аныкталып, анан элге коюлсун. Маалымат жаап-жашырылбай толук жетсин. Бизге жеткен маалыматтар боюнча кендин бүгүнкү баасы триллион долларга чейин барат. Жапаров кризиске батсак, кендин кереги эмне?” деген сыяктуу куру сөздөрдү айтууда. Биздеги фактыларга таянсак, Жапаров кенди сатууга келген саясый долбоор сыяктуу сезилет.

-- Эмне үчүн бул кенге Кытай тараптын кызыгуусу зор?

-- Парламентте отурган Кытайдын тыңчылары тууралуу маалыматтар бар. Тактап айтсак, Адыл Жунус уулу деген Кытайда туулуп-өскөн жаран депутат болуп отурат. Анын Кытай менен тыгыз байланышы бар экен. Ошондой эле Жапаровдун азыркы башкы штабы дагы ошол адамга катталыптыр. Жунус уулу Жапаров комиссар кезинде анын колунан "Мекенчил" деген орден менен сыйланыптыр. Анын кен казуучу компаниясы дагы бар. Ал эми анын кайнатасы менен күйөө баласы Кытайда губернатор катары иштешкенин эшиттик. Мындан улам, түбү Бакиевдерге барып такалып, ушул үч адамдын аркасы менен Жетим-Тоону сатуу иштери жүрөбү (?) деген кооптонуу өтө чоң.


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер