Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Вирустун жайылышына АКШ кызыкдар беле?

Вирустун жайылышына АКШ кызыкдар беле?

26-июнь, 10:04
587 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Коронавирус пандемиясы адамзатка жашоону башка көз караш менен кароого үйрөттү. Буга чейин олуттуу болгонуна карабай көңүл сыртында калып келген маселелер жалпы дүйнөнүн коопсуздугуна коркунуч келтирилгенден кийин кайрадан талкууга жем таштады. Ал – америкалык биолабораториялар. Учурда Американын биологиялык эксперимент жасаган лабораториялары бир катар мамлекеттерде, атап айтканда, Украинада, Молдова, Грузия, Армения жана Казакстанда иштеп жатат. 2010-жылы Кыргызстанга да ачууга аракет жасашкан. Бирок кыргыз коомчулугунун катуу каршылыгынан кийин Бишкектеги ботаникалык бактан лабораторияга (!) деп даярдалган орун бош калып, америкалык программа ишке ашпай кыйраган. Арадан он жыл өткөндөн кийин бул маселеге кайрылып, коомчулуктун каршылыгы Кыргызстан гана эмес, коңшу мамлекеттер үчүн да эбегейсиз жакшылык кылганына көзүбүз жетерин анда билген эмеспиз. Бишкекте өткөн “тегерек үстөлдө” академиктер, саясат талдоочулар, вирусологдор жана коомдук ишмерлер америкалык биолабораториялардын пандемияга байланышы бары-жоктугун талкууга алышты. 

Ушул жылдын башында дүйнөнү чуулганга салган Кытайдын Ухань шаарындагы коронавирус аталышка ээ болгон инфекциянын жайылуусу окумуштуулардын кайчы пикирлерин ушул кезге чейин жаратып келет. Айрымдар бул вирус атайын чыгарылып, Кытайга жеткирилгенин баса белгилешет. Так ошол биз сөз кылып жаткан америкалык биолабораторияларда иштелип чыгып, адамзаттын жашоосун аңтар-теңтер кылууга багытталганы айтылууда. Кээ бир окумуштуулар вирустун табигый экенин билдирип келишет. Саясат талдоочу Бакыт Бакетаев америкалык биолабораториялардын ишмердүүлүгү гүлдөп турган чакта, анан калса, мындай объектилердин эмне менен алектенери сыр катары сакталышы “вирус атайын ойлонуп табылган” деген версияны чындыкка көбүрөөк жакындатарын белгиледи. Белгилей кетсек, жогоруда аталган өлкөлөрдө жайгашкан биолабораториялардын ишмердүүлүгү жашыруун сакталат, ал өлкөлөрдүн бийлигинде лабораторияларды текшерүүгө жана жасап жаткан иштерин ачык-айкын жүргүзүүнү талап кылууга укугу жок. Анткени келишимде ушундай көрсөтүлгөн. 

Кыргызстан Коммунисттер партиясынын лидери Клара Ажибекова америкалык лабораториялардын коронавирус инфекциясынын тарашына катыштыгы бар экенин божомолдойт. Лидерди мындай күмөн ойго ишмердүүлүгү так ушул ар кандай вирустар менен күрөшүүгө багытталган америкалык лабораториялардын адистери пандемияда үн катпай тургандыгы жетелеген. 

“Аларды мыкты адистер катары билебиз, негизи эле океандын ары жагындагы иштермандар билимдүүлүгү менен айырмаланышат. Бирок эмнеге коронавирус менен күрөшүүдө башка өлкөлөргө жардам беришкен жок? Же алардын даярдыгы жокпу? Адамзаттын башына түшкөн мүшкүлгө кайдыгерлигин көрсөтүштү. Эгерде алардын иши вирус менен күрөшүүгө багытталбаса, анда эмне иш менен алектенишет?” деген суроо салды Клара Ажибекова. 

Токтайым Үмөталиева Кыргызстан 2010-жылы олуттуу коркунучтан кайып өтүп, биолабораторияны ачтырбай койгону менен коопсуздугубуз толук кандуу сактала электигин белгиледи. Айтымында, коңшу Казакстандын бизге жакын жайгашкан Алматы шаарында биолабораториянын иштеп жатышы кыргыз жергесине да коркунуч туудурат. Себеп дегенде, эгерде лабораториядан биологиялык материал ар кандай кырдаалдан улам сыртка чыгып кетсе, мындан Кыргызстан да кутула албайт. Ошондой эле ал Америка биолабораторияларын орнотуу үчүн макул болгон өлкөлөргө көп суммадагы каражат которгонун, мындай “таттуу токочко” кыргыз бийлиги да азгырылып, америкалык акча кыргыз экономикасын көтөрүүгө өбөлгө болорун айтып, коомчулуктун кулагын кызытышканын эске салды. Кирешеге алданбай, өз кызыкчылыгы, коопсуздугу үчүн катуу туруп, кыргыз коомчулугуна, жарандык активисттерге ыраазычылыгын да билдирди. 

Ал эми саясат талдоочу Бакыт Бакетаев “пандемиянын алдында ядролук коркунуч четке чыкты. Адамзаттын коопсуздугу учурда дүйнөнүн башкы маселеси. Кытайда башталган вирус табигыйбы, же жасалмабы (?) белгисиз. “Жасалма вирус” деген божомол өтө жогору, анткени америкалык биолабораториялар дүйнө жүзүнө тарады. Биологиялык эксперименттер адамзаттын келечегине урулган соккуга айланышы мүмкүн. Дүйнөлүк коомчулук маселеге олуттуу карап, америкалык биолабораториялардын ишмердүүлүгүн ачыкка чыгарууну талап кылуусу зарыл” деди. 

Эл аралык МАГАТЭ жана ОЗХО системалары биологиялык эксперименттерди тыкыр көзөмөлгө алышы керек. Анүстүнө акыркы убактарда “айрым мамлекеттер согуш вирусун ойлоп табуу боюнча алектенип жатат” деген маалыматтар байма-бай чыгууда. Мындай маалыматтарга кошкөңүл кароого болбой турганын жана муну жаман жагынан алса, массалык кыргын салуучу куралга айланарын саясат талдоочу белгиледи. 

 Кыргызстандын “Жашылдар” партиясы кыргыз бийлигине кайрылуу жасоого камынып жатканы да белгилүү болду. Партиянын өкүлү Эркин Саданбековдун айтымында, Кыргызстан бул багытта дүйнө коомчулугуна чакырык жасоого укуктуу. Анткени, Башкы ассамблеянын 1972-жылдын 10-апрелинде кол коюлган бактериологиялык (биологиялык) жана уулуу куралдарды өндүрүүгө, иштеп чыгууга жана запастарын толтурууга тыюу салган Конвенцияга Кыргыз Республикасы 2004-жылы кошулган.

“Пандемиядан улам өзгөчө абал, кырдаал чараларын киргизүү, карантин жарыялоо экономиканы ядролук бомбадай эле жарат. Адамзаттын башкы көйгөйүнө биологиялык коопсуздук айланганына акыркы айларда күбө болдук. Жарандык коомчулук баардык мамлекеттерге биологиялык, бактериологиялык, вирусологиялык жана башка изилдөөлөр системасын ачык-айкын көзөмөлгө алууга чакырык таштоосу керек” деди Саданбеков. 

Андагы талкууда баардык биолабораториялардын ишмердүүлүгүн тыкыр көзөмөлгө алуу жана алардын эмне менен алектенерин коомчулукка ачыктоо калпыстыкка жол бербей турганы айтылды. Аталган өлкөлөрдөгү Американын лабораторияларын ушундайда көзөмөлгө албаса, кийинки жолу коронавирустан да коркунучтуу инфекция менен дүйнө эли бет келишип калбашына кепилдик жоктугу белгиленди. 


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер