Эрди-катын Кайрат Иманалиев менен Кыял Шаршеева министрликти майкандай баштадыбы?
“Эшегине жараша тушагы” дегендей да. Убагында Кайрат Иманалиев аялы Кыял Шаршеева экөө Махмут Кашгари атындагы университетте иштей алышпай чыгып кетишиптир. Же студенттерге жөндөп билим бере албаган Кайрат Иманалиев драматург болуп, халтура пьесаларды жазып, кызматынан пайдаланып, ар кайсы театрларга койдуруп жүрөт. Бирок аны драматург катары эч ким билбейт. Сокенин убагында министрдин орун басары кызматына келген. Ал кезде аны билгендер “Кайрат качан барсаң үргүлөп отурат, же маселе чечпейт” деп айтып калышчу. Театрлар, китепкана, музейлер үчүн эки жылда эки тыйындык иш кылбаган, ошол уйку-соонун ортосунда жүргөн орун басарга эми бүтүндөй маданият, спорт тармагы берилип жатканы кандай өкүнүчтүү.
Азыр анын жасап жаткан иштери түшүнүксүз. Маданият министрлиги президент Садыр Жапаровдун “Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” жарлыгы боюнча концепция даярдатып, анын өзөгүн бала бакчада, мектепте, ЖОЖдордо элдик каада-салттарды окутуу маселеси түзөт. Суроо өзүнөн-өзү пайда болот: качантан бери маданият министрлиги билим берүүнүн маселесин чечип калган? Бул, албетте, министр Кайрат Иманалиев өз ишин билбегендигинен келип чыгууда. Болбосо жарлыкты маданият тармагында жүзөгө ашырууну пландаштырып, ошол боюнча иш алып барбайбы. Ал эми министрликтин кадр, наамдарды берүү сыяктуу маанилүү маселелерин Кайраттын аялы Кыял Шаршеева тейлеп, кызмат, наам алчулар аны шынаарлап калышканы кандай?..
Үй-бүлөлүк кош бийликтин алдында калган маданият тармагы иш билбеген Кайрат Иманалиевдин айынан сазга батып, артка кетип жатканына өкмөт тарабынан шашылыш чара көрүлүшү абзел.
"Азия Ньюс" гезити