Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бул дүйнөнүн бүтүндөй муң кайгысы катылган чыгарманы ким жаратты?

Бул дүйнөнүн бүтүндөй муң кайгысы катылган чыгарманы ким жаратты?

03-апрель, 15:56
590 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Классикалык музыка, фортепиано десе эле биз мурунку дүйнөлүк классиктер Шопен, Бетховен, Чайковскийди эстейбиз. Алардын өлбөс-өчпөс музыкаларын элестетебиз. Бирок, дал бүгүнкү заманбап жаркыраган жылдыздай дүйнөгө таанымал музыканттар бар. Алардын жараткан сыйкырдуу музыкаларын бүтүндөй жер планетасынын адамдары издеп угушат. Суусап угушат. Алардын бири белгилүү корей элинен чыккан пианист Ли Ру Ма.

Ли Ру Ма 1978-жылы Түштүк Кореянын Сеул шаарында жарык дүйнөгө келген. Анын ата-энеси беш жашынан тарта фортепианодон билим алууга тапшырышат. Ли Ру Ма 11 жашка толгондо өзгөчө таланты бар балдар окуган Англиядагы музыкалык окуу жайга тапшырып, өтүп кетет. 1997-жылы ушул эле өлкөдөгү  Королевалык колледжге тапшырат. Аталган колледжде окуп жүргөндө Ли Ру Манын алгачкы альбому жарыкка чыгат. 2002-жылы Ли Ру Ма Корей музыканттарынын биринчилеринен болуп, Францияда өткөн айтылуу музыкалык MIDEM фестивалынын катышуучусу болуп калат. Анын керемет музыкалары алгач Европага, андан соң Азияга агыла баштайт. Корей элинин өтө таанымал «Кышкы соната» сериалында жана анын уландысы болгон «Жазгы вальс» чыгармасында жалаң Ли Ру Манын кайгылуу кайрыктары коштоп, көпчүлүктүн сүмөнчүктүү тасмасына айланат. Анын дүнө жүзүнө эң таанымал музыкаларынын бири «River Flows in You» -- «Дарыя сенден агып чыгат» деп аталат. Сүйүү тууралуу керемет музыка. Муңканган аалам. Муңканган табият. Бири-бирине жетпеген эки жүрөк. Айтор кайгылуу кайрыктарда бул дүйнөнүн шумдуктуудай сырлары, муң-зары катылгандай.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер