Акыркы кабарлар
» Саясат » Ниязалиева талапкер катары кол тийбестигинен ажыраганда гана камакка алынат
Ниязалиева талапкер катары кол тийбестигинен ажыраганда гана камакка алынат
01-июнь, 13:44
944 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Ленин округунан талапкер Дамира Ниязалиевага добуш сатып алуу боюнча кылмыш иши козголду. Эки үгүтчүсү камалып, тергөө менен кызматташып атканы, акча таратуу боюнча көрсөтмө беришкени кабарланды. Эми эмне болот? Ниязалиева келген шайлоочулардын 3/1 добушун алганы эске алынып, аудио сүйлөшүүнүн маңызы дээрлик сатып алууга такалганы далилденип, натыйжада, чекит коюлганы калды. БШК Ленин округунун шайлоосун жокко чыгарышы керек. Мыйзам кынтыксыз аткарылышы кажет. А болбосо мамлекеттүүлүккө шек кетет да, туурабы? Президент Садыр Жапаров алдын ала өкмөт башчысын, мүчөлөрүн жана талапкерлерди чогултуп, тазалыкты айтып, какшап жатса да Ниязалиева уруп ойнобогон ыпластыгын көрсөттү. Кылмыш ишине кириптер болду. Аны аз убакытка гана талапкер катары кол тийбестиги сактап турса, БШК шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаргандан кийин ИИМ тарабынан камалары шексиз. Бул мыйзамдын талабы! Баарына сабак катары кабылданып, элди малдай сатып алуунун аягы – эми чоң былык экени тастыкталат. Саясый аң-сезимдин агаруусу, коомдун өнүгүшү үчүн ырааттуулук сакталып, алдыга карай чечкиндүү кадам салганыбызда гана өнүгөбүз. Анүчүн “ылаңдуу шишиктерди” кесип ыргытуу максатка ылайык.
Бөлүшүү:
"Азия Ньюс" гезити