Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » НДПК партиясы шайлоодон четтетилди

НДПК партиясы шайлоодон четтетилди

19-апрель, 11:45
681 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы 18-апрелдеги жыйында НДПК партиясын шайлоодон четтеттүү тууралуу чечим кабыл алды. Буга атайын кызмат менен милициянын аталган партияны добуш сатып алууга айыптаган документтери негиз болду.

“Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети, Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмү 11-апрелдеги “добуш сатып алуу” фактысын иликтеп, анда добуш сатып алган адамдар НДПК партиясы менен байланышы бардыгы тастыкталган” деп билдирди Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы. Шайлоо мыйзамдарына ылайык, НДПК мындай чечимге макул болбосо, үч күндүн аралыгында Боршайкомго кайрылышы керек.

Шаардык кеңешке шайлоодо НДПКнын тизмесинин сап башында турган Илим Карыпбеков добуш сатып алуу тууралуу дооматтарды негизсиз деп атап, “бул эч далилсиз, кайсы бир тараптын пайдасына чыгарылган чечим, буга макул эмеспиз. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын чечими тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылабыз” деди.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер