Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Азамат Жаманкулов: “Президентибиз туризмди экономиканын чоң секторуна айландырууну айтты”

Азамат Жаманкулов: “Президентибиз туризмди экономиканын чоң секторуна айландырууну айтты”

21-май, 23:42
2 729 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Экс-министр, Кыргызстандагы курорттор ассоциациясынын өкүлү менен маек.

-- Азамат мырза, Чолпон-Атадагы “Рух ордо” маданий комплексинде президент менен жолуктуң. Туризм жөнүндө кеп кыла алдыңарбы?

-- Ооба, ал жерде Ысык-Көл туристтик көргөзмөсүн өткөздүк, форум болду. Президент ачылышына келди. Кыргызстанда туризмдин келечеги, пандемия учурунда туризмди кантип өнүктүрөбүз, кандай кадамдарга барыш керек (?) деген маанайда сөз кылдык. Садыр Нуркожоевич Кыргызстандын жалпы өнүгүүсү боюнча сөз кылды. “Азыркы учурда өзүңөр билгендей, дүйнөдө туристтерге болгон атаандаштык абдан чоң. Ошонун арасында Кыргызстан өзүн көргөзүш керек. Бизде баардык потенциалдар бар. Жаратылыш, табыгий, адам потенциалдары дегеним. Ошолордун баарынын башын чоң болбосо да ортодон жогору стратегиялык программага бириктирип, алдыга жылалы. Бул боюнча колдойм, туризм бизге бүгүнкү күндө керек. Экономиканын чоң секторуна айландыруубуз абзел!” деген жакшы сөзүн айтты. 

-- Туризм дегенде эле раматылык Ташкул аке эске түшүп атат. Анын “Рух ордосунда” кеп жок. Ал эми көлдүн аркы бетиндеги “Аалам ордосун” эми ким курат? Ташкул акенин бүтпөй калган ишин улай турган жан барбы? Бушайман боло берем...

-- Акыркы мезгилде Ташкул аке менен ушу боюнча көп сүйлөштүк эле. Ушундай керемет ойлорун ортого салган. “Аалам ордону” жандандыруу, аягына чыгуу, ири инвесторду тартуу боюнча пландары бар эле. Ал адам тирүү турганда сөзсүз жакынкы арада ишке ашмак. Тагдыр ушундай экен. “Аалам ордо” жеке сектор болгондуктан мамлекет кирише албайт. Эгер үй-бүлөсүнөн “Бүтүрөлү, аягына чейин чыгалы” деп мамлекеттен жардам сурап, бизден колдоо керек болсо, анда инвесторлорду таап келип, аягына чыкканга өзүбүздүн жардамыбызды аябайт элек.


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер