Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дастан ДОГОЕВ, маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы: «Биз президенттин демилгесин ишке ашырабыз»

Дастан ДОГОЕВ, маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы: «Биз президенттин демилгесин ишке ашырабыз»

01-октябрь, 15:24
568 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Санариптик экономика куруу идеясы көтөрүлүп, иш жүрүп турган учур.  Бийлик Кыргызстанды Борбор Азия, Европа, Азия жана Жакынкы Чыгыш менен байланыштыруучу IT HUB өлкөсүнө айланткысы келгени эң сонун. «Өлкөбүздө өкмөттө, банк кызматтарында санариптештирүү кандай жүзөгө ашып жатат? Келечекке кандай жолдор бар?» деген суроо менен маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Дастан Догоев менен баарлаштык. 

– Дастан мырза, бул жылы «региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү» жылы болуп жарыяланды эле. Санариптештирүү, банк аркылуу ишке ашкан кызматтарда кандай жылыштар бар? 
– Сиздерге маалым болгондой, 2018-жылы 14-декабрда Кыргыз Республикасынын коопсуздук кеңешинин отурумунда республикабыздын президентинин жеке демилгеси менен беш жылдык концепция иштелип чыккан жана бекитилген. Негизинен үч стратегиялык максат бекитилген. Негизгиси санариптик өнүгүүлөрдү өнүктүрүү, сапаттуу санариптик кызматтарды көрсөтүү, үчүнчүсү, технологиянын негизинде туруктуу өсүшкө алып келүү. Бул багытта 2019-жылдын 14-февралында ишке ашыруу концепциясы иштелип чыгып, 15-февралда бул жол картасы Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн токтому менен бекитилген. Бул жол картада 2019-жылга карата 90 иш-чара каралган. Аны менен бирге бизге 2019-жыл президенттин жарлыгы менен региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы катары кабыл алынды. Буга ылайык мамлекеттеги баардык тийешелүү органдар иш-чараларды ишке ашыруу боюнча иш алып барууда. 
– Сиз белгилеген 90 иш-чаранын канчасы жүзөгө ашты?
– Бул иш-чаралар боюнча иш жүрүп турган учур. 90 иш-чаранын ичинен 21и ишке ашты. Калган 69 иш-чара ушул жылдын аягына чейин ишке кириш керек. Эң негизги ишке кирген системалардан болуп «электрондук аракеттенүү түндүк системасы». Бул система боюнча жалпысынан 83 мамлекеттик жана коммерциялык жеке ишканалар туташты. Анын ичинен 31 мамлекеттик органдар маалымат алмашууда. Жалпысынан системага 100дөн ашык маалыматтык система туташкан. Жалпы электрондук документтин түндүк системасынын алкагында көлөмү 5 млн. 300 миң документти түздү. Аны менен бирге түндүк системасы ЕАЭБдин алкагында электрондук маалымат алмашуу үчүн атайын интеграциялык иш-чара жыйынтыктады. Ошондой эле ийгиликтүү биримдиктин мүчө мамлекеттери менен тестирлөө жүргүздүк. Мамлекеттик органдар жана жеке ишканалар электрондук форматта башка өлкөлөр менен маалымат алмашууга шарт түзөт. Андан тышкары президенттин тапшырмасына ылайык, 2019-жылдын аягына чейин 18 маалым каттар электрондук форматка өтүп, анан жарандарды маалым каттарды талап кылуу тактикасы жокко чыгарылат. Азыркы учурда 11 маалым кат автоматташтырылып, жыл аягына чейин дагы жети справка калды. 
– Электрондук форматка өтүп, ишке ашып жаткан кызматтарга токтолсоңуз?
– Кызматтарды көрсөтүү боюнча түндүк системасынын алкагында платформаны ишке ашырууну баштадык. Бул долбоор аркылуу электрондук кызмат көрсөтүү порталы аркылуу 37 мамлекеттик кызмат дайын. Андан тышкары мобилдик тиркеменин негизинде биз кошумча 49 мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды киргиздик. Бул ай ичинде дагы 24 кызматты дайындап киргизебиз. Анын ичинде баса белгилеп айтып кетчү нерсе, «акылдуу салык төлөө». 20 күндүн ичинде бул кызматты 30 миңге жакын жаран колдонуп, салык төлөштү. 
«Азия Ньюс» гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер