Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ажырашкан үй-бүлөнүн балдары кандай азап тартат билесизби?

Ажырашкан үй-бүлөнүн балдары кандай азап тартат билесизби?

15-январь, 22:20
1 529 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жакшы киреше тапкан Айгүл күйөөсү менен ажырашып, кызы үч жашка толгондо аны чоң ата, чоң энесинин колуна калтырып кеткен. Алар камкор, жакшы адамдар эле. Ал эми Айгүл болсо жашоосун көңүл ачуу, күндө майрам күндө той менен улантты. Кичинекей кыз апасын сагынып чоңойду. Көп түндөрү ал терезенин жанында үн катпай отуруп, апасын келип калабы (?) деп эки көзү жолдо калды. Апасы болсо күнөөсүн кымбат белектер, оюнчуктарга алмаштырып, сүйүүнү буюм менен өлчөгөнгө аракет кылды.

Кыз он жашка чыкканда анын ички дүйнөсү кыйрай баштады. Ал мектепке баруудан баш тартып, истерикага түшүп, өзүн кусууга, калтыроого чейин жеткирчү. Реалдуу жашоодон качып, интернеттеги жасалма дүйнөгө баш калкалады. Ошол жактан ал түшүнүү да, кабыл алуу да издеди. 

Азыр ал он алты жашта. Төрт мектеп аны араң дегенде онунчу класска жеткирди. Психикасы алсыраган, жүрөгү жаралуу. Талаптары көп, бирок окууга да, жашоого да күчү жетпейт. Ал эч кимди укпаган, башкарууга көнбөгөн өспүрүмгө айланды. Апасын жек көрөт. Ал эми бир кезде ал боорукер, нур жүздүү, таттуу бөбөк эле…

Бирок ата-энеси ажырашкандан кийин ушундай тагдырга туш болгон балдар, тилекке каршы, аз эмес. Ар бир ажырашкан үй-бүлөдө балдары жабыркайт. Ата-энелер эки жолго түшөөрдө балдарынын да абалын эске ала жүргөндөрү оң.


Айкыз

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер