Акыркы убакта өзүмдүн күйөөмө ойнош болуп алдым...
Үйдө үч кыз, бир уулбуз. Мен үйдүн улуусумун, атам кичине кезибизде эле кайтыш болуп кеткен, апам өзү жалгыз чоңойтту бизди. 18 жашымда мектепти аяктап, апама жардам болсун (!) деп Москвага барып иштеп калдым. Ошо менен 24 жашка келгенче эмгектенип, Москвадан сүйүүмдү таап, бир жыл сүйлөшүп жүрүп, баш коштук. Бир жыл өтпөй уулдуу, анан эки кыздуу болдук.
Азыр жашым 28де. Күйөөм экөөбүздүн ортобуздан кара мышык өтүп, көңүлдөш таап алыптыр. Мен ага чыдай албай балдарымды алып, төркүнүмө кетип калдым. Кайын журтум жараштырганы аракет кылып жүрүштү. Бирок күйөөмдү такыр кечире алган жокмун. Өзү дагы көңүлдөнүп, алдыбызга бир да жолу келген жок. Жыл айланбай ошол ойношуна үйлөнүп алды. Анда-санда үйгө келип, балдарын көрүп турат. Күйөөмдү кечире албасам да дагы деле жакшы көрөм. Кызганам.
Кечээ жакында дагы телефон чалып, балдарын көрүп кетүүнү суранды. Балдарын ойнотуп кеткиси келбей отуруп, түн бир оокум болуп кетти. Экөөбүз жаңы баш кошкондогудай күйүп-жандык... Ал күнү үйдө калып калды. Ошол түндөн баштап кайрадан сүйүүбүз тутанды. Үйлөнүп алган ойношун таштап, үйгө тез-тез келип, мени жакшы көрөрүн, адашканын айта баштады. Кантсе да балдардын атасы эмеспи. “Кандай кадамга барсам?” деп ойлонуп жүргөн кезим...
Мээр Эркинжанова
Aryba.kg