Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дүйнөдө COVID-19 пандемиясынын экинчи толкуну байкалган жок

Дүйнөдө COVID-19 пандемиясынын экинчи толкуну байкалган жок

17-октябрь, 01:52
608 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Дүйнөдө COVID-19 пандемиясынын экинчи толкуну байкалган жок. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) өзгөчө кырдаалдар боюнча директору Дорит Ницанга шилтеме берип, РИА Новости агенттиги жазды.

"Коронавирустун баардык түрүн жана формаларын изилдеп көргөнүбүздө, дүйнөдө пандемиянын экинчи толкунунун башталганы байкалган жок. Болгону айрым өлкөлөрдө көбөйүп жатат. Ошол эле учурда вирус азайып калган мамлекеттер дагы жок эмес" деди адис.

Ницандын айтымында, көпчүлүк адамдар бул оорунун канчалык кооптуу экенин дагы деле сезе элек. "Дүйнөдөгү адамдардын беш гана пайызы вирустун оор формасына кабылды. Бирок катуу ооруп, сакайгандан кийин дагы ден соолугун калыбына келтире албай жүргөндөр арбын. Андыктан сак бололу" дейт ДССУ өкүлү.

Эске салсак, ушул жылдын 11-мартында дүйнөдө коронавирус пандемиясы жарыяланган. Джон Хопкинс атындагы изилдөө институтунун расмий сайтындагы маалыматка караганда, жер жүзүндө коронавирус жуктургандардын саны бүгүн 38 млн. 066 миң 297ге жетти. Ал эми Кыргызстанда вируска кабылгандардын саны 50 миңден ашты. Акыркы күндөрү биздин өлкөдө дагы коронавирустан кайрадан өлүм катталып жатат. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер