“Карышкырга кой кайтарткан” ушулбу? Азимбек Усеновдун кыңыр иши...

ИИМдин баңгизаттарга каршы күрөшүү башкармалыгынын түштүк аймагы боюнча орун басары Азимбек Усеновдун шалаакылыгын карап, мыйзамдуу алкакта баа берүү зарыл. Себеби, кол астындагы опери 300 миң сом пара алып атканда кармалып, ошого катар баңгизаты да табылганын кандайча чечмелейбиз? “Карышкырга кой кайтарткан” ушулбу? Дал ушундай жагымсыз окуядан кийин бөлүм башчы жумуштан кетти. А эмнеге Азимбек Усеновдун жоопкерчилиги каралбай, жылуу-жумшак сакталып калышы керек? Жазасын алсын да! Же жогорку жетекчиликке реалдуу маалымат жетпей калганбы? Айтмакчы, баңгизаттарга каршы күрөшүү башкармалыгын Улан Султанов жетектеп отурганда, анын орун басары, кол астындагылары оң жолго басышмак беле? Башчысы кандай болсо, ошого жараша “түшүмүн” берип аткан кербези да...
"Азия Ньюс" гезити