Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эмил Үмөталиев: “Учурда “менчикке репрессия башталды” деп эле айтсак болот”

Эмил Үмөталиев: “Учурда “менчикке репрессия башталды” деп эле айтсак болот”

10-январь, 17:00
3 020 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Азык-түлүк, күйүүчү май кымбаттоонун эле үстүндө. Учурда оор эле абалдабыз. Мындан аркы экономикалык абалыбыз кандай болот? Күн санап өскөн кымбатчылыктын тизгини качан тартылат? 

-- Так божомол берүү оор. Бирок жалпысынан абал оор бойдон турат. Мындан ары келерки айларда деле бир топ кыйынчылыктар болот. Негизги маселелерден эки нерсени баса белгилеп коёлу. Биринчиси, бажы биримдигине киргенден бери биздин ишкерликке болгон эрежелер начарлап, ишкерликтин шарты Россиянын мыйзамдарына, эрежелерине окшоштурулуп, ошондон бери чакан жана орто ишканалардын саны азайып кетти. Россиянын өзүнүн экономикасы ылдый түшүп, артка кетип жаткан мезгилде биз аларга жакын кыпчылып алып ээрчидик.   

Азырынча өнүгүүгө үмүт бергидей чечим кабыл алына элек. Эң негизгиси, менчикке болгон сый-урмат жана коопсуздук орнотулбагандан кийин, биз ишкерлердин эркиндигин, мүмкүнчүлүктөрүн жана шарттарын, акча каражаттарын  да эсептешибиз керек. Салык системасын өзгөртүп, кысып жаткан мезгилде менчик корголбойт, “менчикке репрессия башталды” деп эле айтсак болот. Мындай шартта сөзсүз түрдө чыккан капитал көбөйүп, кирген капитал азайып, сырттан түзүк инвесторлор келбей, ичтен болсо баары тең токтоп калгандай. Ошондуктан жакынкы аралыкта дээрлик жеңил жашоо болбойт. Кээ бир эле бийликке жакын ишканалар пайда көрүшү мүмкүн. Жалпысынан, калың катмарга оор эле болот. Ошонун натыйжасында башка адамдардын да кирешеси азайып, сатып алуу мүмкүнчүлүктөрү тайыздайт. Көптөн бери уланып келе жаткан абал дагы деле өзгөрбөстөн курчуй берет...

-- Жакында кабыл алынган ККМ боюнча пикириңизди уксак?

-- ККМ – негизи керектүү нерсе. Бирок экономикабыз оңолуп, ишкерлердин саны көбөйүп турган кезде киргизүү шарт эле. Эгерде элдин шарты оор болуп, соодасы өтпөй турган кезде ошондой тескөө аракеттерин киргизсе, ишкерлерге кошумча оорчулукту алып келет. Элге пайдасынан зыяны көп болуп, нааразычылыкты да жаратат. Ошон үчүн муну ыңгайсыз убакта болгон иш катары эсептейм.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер