Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Коронавирус айрымдардын алкымын араандай ачып, ачкөздүгүн ашынтып жиберди

Коронавирус айрымдардын алкымын араандай ачып, ачкөздүгүн ашынтып жиберди

12-июнь, 22:35
590 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Коронавирус. Карантин. Чектөө. Шекшип жашоо. Ким менен байланыштым, кимге жолуктум?.. “Коронавирус жукпасын” деп сарсанаа заманда “коррупция дагы мага жукпасын” деп жашасак кана?! Ушундай маалда мурда-кийин маанилүү нерсенин мааниси такыр жоголуп, ага чейин этибар албаган нерсе кайра эске түшкөн чак. Коронавирус айрымдарды асмандан жерге түшүрсө, айрымдардын алкымын араандай ачып, ачкөздүгүн ашынтып жиберди. Эми ага ар ким өзү жооп берет дечи. Дүйнө, Кыргызстан, анын ичинде өзүңдү карасаң, жашооңдун маанисиз, текке кетип жатканын дароо байкайт экенсиң. Ошондо буга чейин «боло берет», «мейли» деген нерсеге эмне үчүн «жок» деп жолун тосууга болбосун? Буга чейин көзүбүз көрүп, жандүйнөбүз менен туюп, ушулар ичип-жеп, эл насибин ээлеген дегендерге дагы деле добушуңузду сатасызбы? 

Анан алты жыл бою аларды «акмак» деп тилдеп, бирок биринчи кезекте өзүңүз акмак экениңизди моюнга албайсызбы? Акмакмын... Мен эми дагы акмак болгум келбейт. Болгону ал үчүн сиз дагы канчалык алдоо, манипуляция, деги койчу, кандай гана психологиялык атака болбосун, абийириңиздин алдында ак болуңуз! Келечек кечирбей турган айры жолдо турабыз. Мүмкүн сиздин абийириңиздин актыгы дал ушул кыйын кырдаалда Кыргызстандын бүдөмүк келечегине “жарк” этип жарыгын чачаар. Эртең эмес азыр, кечээ эмес бүгүн биз жоопкерчиликтүүбүз! Ачкөз болуп, материалдык байлыкка байланган заманда куру кыял дебеңиз. “Эртең уул-кызым Кыргызстанда тынч жашасын” десеңиз, өзгөрүүнү өзүңүздөн баштап, өзүңүздү өзүңүз алдабаңыз!


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер