Алмаз Тажыбай: “Гуманизм жана адамдын укугун сыйлоо катары өлүм жазасына таянбай койгон туура”

-- Өлүм жазасы боюнча эки ача ойлор айтылып, талаш-тартыш пикирлер жаралууда. Сиз кандай ойдосуз?
-- Өлүм жазасы автократиялык жана тоталитардык, керек болсо көпчүлүк демократиялык өлкөлөрдө болбош керек. Анткени демократиялык эмес өлкөлөрдө аткаруу жана сот системасы тыгыз байланышкан, күнөөсү жок адамды бийлик айыптап коюш оңой болот. Ошону менен бирге кылмышкерлерди оор кылмыш кылуудан эч бир токтотпойт. Анткени кылмыш кылып жаткан учурда жоопкерчилик жөнүндө эч ойлонбойт. “Оор кылмышты жашырабыз” деп андан да кылмышын оор кылышат.
Ооба, бизде өлтүрүлгөндүн жакындарын түшүнсө болот жана өч алууга көпчүлүк макул болобуз. Бирок өлүм жазасы менен өч алуудан дагы башка адамдын өлтүрүшүнө алып келет. Ошондуктан жаза болуш керек. Бирок гуманизм жана адамдын укугун сыйлоо катары өлүм жазасына таянбай койгон туура.
Дүйнөдө өмүр бою эркинен ажыратылган өлүм жазасынын ордунда отурган адамдын актыгы далилденип, абактан акталып чыгышкандардын саны аз эмес. Же көпчүлүгү өлүм жазасы менен өлтүрүлүп коюлгандар өлүмдөн кийин акталышкан. Ошондуктан тергөө ишти фабрикацияга барып өзгөчө резонанстык иштерди батыраак чыгарып жаап жана өлүм жазасын жыйынтыктайт. А накта кылмышкер эркиндикте бош жүрүп калганына эч ким кепилдик бере албайт. Өч алуу, өлүм жазасы жөнүндө эмес, кылмышты болтурбаган, алдын алган чараларды көрүш керек.
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити