Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Коронавирустан уулу менен энеси удаа каза болду

Коронавирустан уулу менен энеси удаа каза болду

27-июнь, 23:18
933 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

26-июнь күнү Жалал-Абаддын Сузак районуна караштуу Кашка-Терек айылында коронавируска чалдыгып, көз жумган 76 жаштагы аялдын буга чейин COVID жуккан уулу да каза болгон.
Анын билдиришинче, аял коронавирусту каза болгон 36 жаштагы баласынан жуктуруп алып, кечээ Жалал-Абад шаардык жугуштуу оорулар ооруканасында үзүлгөн. Учурда аны жерге берүүгө даярдык көрүлүп жатат. Коронавирус бул үй-бүлөнүн жалпы сегиз мүчөсүнө жуккан.

 
Эске сала кетсек, анын 36 жаштагы уулу коронавирустан 16-июнда каза болгон. Ал ооруну Бишкек шаарындагы базарлардын биринде мөмө-жемиш сатып иштеп жүргөндө жуктуруп алган. 11-июнда Жалал-Абадга куран окутууга келгенде илдеттин белгилери байкалып, оор абалда облустук ооруканага жеткирилген. Медиктердин аракетине карабастан каза болгон. Саламаттык сактоо министрлигинин айтымында, ал өз алдынча дарыланып жүрүп, илдетин күчөтүп жиберген.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер