Бир үй-бүлө консерваланган салатка ууланышты


Кышка даярдалган, консерваланып, банкага жабылган салаттан ууланган сегиз адам Жалал-Абаддын Базар-Коргон районундагы ооруканага жаткырылды.
Бир үй-бүлөнүн алты кишиси жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырылса, экөө жандандыруу бөлүмүндө жатышат. Жалал-Абад облустук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Үсөнкул Жоробаевдин айтымында бейтаптарга дары-дармектер берилип, ак халатчандардын көзөмөлүндө.
Учурда алты бейтаптын абалы туруктуу, ал эми 11 жаштагы кыздын жана 45 жаштагы аялдын абалы оор боюнча калууда. Ууланган үй-бүлө талаада пахта терип жүрүп, түштөнүүдө колго жабылган консервацияланган салат жешкен.Санитардык дарыгерлер ал үйдөгү колго жабылган салаттардын баарын жок кылышты.
Эскерте кетсек, көпчүлүк учурда кышкыга даярдалган салаттардын санитардык нормалары талапка жооп бербегенден, ууланган адамдардын саны Кыргызстанда эле эмес, башка өлкөлөрдө да кездешет.