ЕЭК кеңеши бажы төлөмдөрүнүн мөөнөтүн узарткан жок. 2020-жылдан баштап Кыргызстанда унаа наркы он эсе кымбаттайт
Кечээ Москва шаарында өткөн ЕЭК кеңешинин жыйынында кыргыз өкмөтүнүн үчүнчү өлкөлөрдөн кирген автоунаалар үчүн бажы төлөмдөрүнө жеңилдетилген мөөнөтүн узартып берүү өтүнүчү четке кагылды
Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) транспорт каражаттарына болгон бажы алымдарына жеңилдик мөөнөтүн узарткан жок.
Буга чейин Мамлекеттик бажы кызматы 2020-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанга үчүнчү өлкөлөрдөн ташып келинген автоунаалардын бажы төлөмү он эсе өсөөрүн билдирген. Буга төрт жыл мурда кабыл алынган токтомдогу транспорт каражаттарына болгон бажы алымдарын жеңилдетүү мөөнөтү аяктаганы себеп экени айтылган.
2020-жылы күчүнө кире турган бажы алымдары тууралуу Экономика министри Санжар Муканбетов кыргыз өкмөтү ЕАЭБге кирбеген мамлекеттерден алып келинген автоунаанын бажы төлөмү боюнча жеңилдетилген мөөнөттү узартуу маселесин талкуулап жатканын айткан эле.
Тилекке каршы, 2020-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанга автону бажылык жол-жоболоштуруунун жаңы эрежелери менен киргизе баштайт. Мисалга алсак, КРдеги эң кеңири жайылган 2009-жылы чыгарылган Toyota Camry унаасын бажылык жол-жоболоштуруу 11 эсеге, 1 250 доллардан 13 600 долларга чейин жогорулайт.
2020-жылдан баштап Кыргызстандагы автоунаалардын наркы он эсе өсө турган болду.
Aryba.kg