Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ташиев кылмышкерлерди камап, сотторду “сойгону” үчүн рейтинги өсүүдө

Ташиев кылмышкерлерди камап, сотторду “сойгону” үчүн рейтинги өсүүдө

16-январь, 22:37
1 978 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

УКМКны жетектегени Камчыбек Ташиев уюшкан кылмыштуу топтордун башчыларын байма-бай кармап, камап атса да аягы суюлбай келет. Эрксизден тамашалуу ой “кылт” этти. Чек ара кызматын УКМКга кошуп алгандай эле ИИМди да өз карамагына өткөзүп, “эки тизгин бир чылбырды” колго алабы? Бул системанын бандиттер менен күрөшө турган ГУБОП, ГУУР сыяктуу башкармалыктары эмне иш кылып атышканы белгисиз. Кыйраткан көрсөткүчтөрү жок эле миңдеген МЕНТтер мамлекеттин эсебинен айлык алышып, коомдук коопсуздукту, тартипти карашпай эле жата беришеби?.. Айтмакчы, Ташиев соңку убакта бир катар сотторго кылмыш иштерин козгоп, эсепсиз байлыктарын, үй мүлктөрүн ачыктап атканы коомчулукка жагып аткан кези. Элибиздин басымдуу бөлүгү соттордон адилеттик таппай, 30 жылдан бери куурап келатышканы жашыруун эмес. Калыстыкты кык ордуна көрүшпөгөн, акчанын гана кулуна айланган фемида өкүлдөрүнүн жүздөрү ачыла баштаганы, “Мыйзамсыз баюу” беренелери менен чекесинен кылтакка түшүп башташканы жакшы көрүнүш. Көпчүлүк катмар УКМК төрагасынын сотторго кыргыйдай тийгенин кубатташып, акыйкаттык үчүн дагы далайлардын жүздөрү ачыларына ишенишүүдө. Барган сайын Камчыбек Ташиевдин саясый рейтинги көтөрүлүп, көпчүлүктүн көңүлүн бурдурду. Кыскасы, мындан ары да жолдон адашпай таза, адилеттүү иштеп кете алабы, же?.. 


"Азия Ньюс" гезити    


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер