Орозалиевге караганда Мадылбеков мыкты комендант болгон

Бишкек ШИИБнин экс-начальниги Турат Мадылбеков комендант Алмаз Орозалиевдин ишмердигине карата сын-пикир айтып, сунуш көрсөтсө, адатынча ИИМ чычалап кетип, каяша кылганга үлгүрүптүр. Эмесе, биз факт жүзүндөгү айырмачылыктарга токтололу.
Эске салсак, 2010-жылы 7-апрелде бийлик кулап, шаарда башаламандык өкүм сүрүп, болжол менен саат 18.00дө мародерчулук башталат. Бул учурда башкаруу жок эле. Качан гана 21.00 чамасында убактылуу өкмөт түзүлүп, 22.00дө Турат Мадылбеков Бишкек шаарынын коменданты болуп дайындалат. Милициянын көпчүлүгү качып кетишкен убак. Талап-тоноо күчөп аткан чак. Мына ушундай оор шартта Турат Мадылбеков өздүк курамды, кошумча күчтөрдү чогултуп, бир суткага жетпей мародерчулукту токтотуп, шаарга тартипти орноткон.
Ал эми бүгүнкү комендант Алмаз Орозалиев оозун ачып, күндө коомчулуктан кагуу жеп, алапайын таппай, элдин нааразычылыгын жаратып атканы ырас. Иштин көзүн билген, башка тың кадр болгондо бийликке да бел болот эле!
Aryba.kg