Төрага Нурланбек Тургунбек уулун мэр Баатырбек Жантаев тоготкон жок


Балыкчы шаарынын мэри Баатырбек Жантаевдин колдоочусу чын эле күчтүү экен. Президенттин иш башкармалыгын жетектеген Каныбек Туманбаев бөлөсү болуп турганда, эч кимди тоготчудай эмес. Эске салсак, буга чейин парламент спикери Нурланбек Тургунбек уулу көчө кыдырып пиар кылуу Оштун мэрине гана жараша турганын баса белгилеп, башкалардын туурабай эле коюшун билдирген. Губернатор, мэр, акимдерге эскертүү бергени ырас. Ошондон кийин соцтармакта жабырап жүргөн аткаминерлер тынчый түшкөнүн баамдаганбыз. Бир гана Баатырбек Жантаев уккан жок. Ал төрт-беш кишини ээрчитип алып, “карагыла, тазалагыла, иштегиле, текшергиле” деген сыяктуу кайталанма буйруктарын ооз учунан берип коюп, күлкүнү келтирип басып жүрөт. Эми анекдотко айланабы? Кээде башына Оштун мэри кийген панама сыяктуу шляпаны кондуруп алат... Таңгаласың. Мэр деген идея, жаңы демилгелер менен иштеши керек эле. Тилекке каршы, Баатырбек Жантаев кимдир бирөөгө таасирленип, туурамай жоругу менен көчөдө жүрөт. Бул эргулга мурда кылмыш иши козголуп, издөөгө алынганбы? Өтмүшү шек жаратып жатса, түшүндүрмө бербейби? Жөн жерден соцтармакта кызуу талкуу жаралбаса керек...
"Азия Ньюс" гезити











