Кадыр Кошалиев: “Садыр Жапаров “ханституцияга” барбайт, адилеттүү башкаруу орнотот”
-- Кадыр байке, президенттик шайлоо менен референдумдун бир учурда болгонун туура көрбөгөндөр, “мыйзамсыз” деп сөөмөй кезегендер четтен чыгууда. Мындан маселе жаралып кетпейби?
-- Учурдагы эң чоң окуя президенттик шайлоо менен референдумдун бир күндө өтөрү болуп жатат. Мындан шек санап, кыжалат болбой деле койсок болот. Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу: “Кандай башкарууну туура деп эсептейсиң? Парламенттик башкаруубу же президенттик башкарууну каалайсыңбы?” деп элибиздин омоктуу оюн билгени турабыз. Башкаруунун түрүн аныктаган референдум менен президенттик шайлоонун бир күндө болгону логикага да туура келет. Тагыраагы, экөө бир күндө болсо финансылык жактан да үнөм болуп, бюджеттен ашыкча акча коробойт.
-- Садыр Жапаров президенттик башкарууга өтүү, жоопкерчиликти колго алуу зарылдыгын айтууда. Ошол эле мезгилде “парламенттик башкаруудан алыстабашыбыз керек” деген пикирдегилер да бар. Кыргызстанга кайсы башкаруунун түрү ыңгайлуу?
-- Кыргыз мамлекетинин, кыргыз элинин табиятына ылайык акыркы мезгилде президенттик башкаруу, тагыраагы, жоопкерчиликти бирөө колго алып, башкаруу зарылдыгы көрүндү. Анан калса, кабыл алына турган Конституцияга элдик курултай институтунун кириши менен баланс сакталып, “ханституцияга”, өзүм билемдикке жол берилбейт. Себеби, Садыр Жапаров өзү да андайга барбай турганын, адилеттүү башкаруу орноторун айтып жатат. Ошон үчүн жаңы Конституция кабыл алынса эле “ханституция орнойт” деп кооптонбой койсоңор деле болот.
-- Конституцияга элдик курултай институтунун кириши менен баланс сакталып каларына ишенсек болобу?
-- Буюрса, жаңы Конституция кабыл алынса, элдик курултай институтунун кириши менен бийлик бутактарынын баары жыл сайын элге отчёт берип турат. Тагыраагы, курултай бийликти узурпациялап алууга жол бербейт. Тескерисине, курултай баланс болуп, курултай институту президенттин өзүм билемдикке жол бербөөсүнө кепилдик боло алат.
-- Курултайдын статусу кандай болору такталдыбы?
-- Коомчулук деле, конституциялык кеңешме да курултай институту Конституцияга киргенге макул. Болгону, курултайдын статусу кандай болору талаш-тартыш жаратып жатат. Айрымдар конституциялык кеңешмеде “курултай институтун кеңеш берүүчү коомдук орган катары киргизели” дешүүдө. Биз болсо “элдик бийликтин жүзү катары кеңеш берүүчү, багыттоочу, көзөмөлдөөчү орган катары кирсин, чечимдери бийлик бутактары тарабынан мыйзам чегинде каралсын” деген чен өлчөмдөрдү кошууга аракетибиз күч. Бирок, бул сунушту айткандар азырынча азчылык болуудабыз. Буюрса, конституциялык кеңешме аягына чыкканга чейин биз өз позициябызда турабыз.
-- Неге эл да, силер да Садыр Жапаровду колдоого алып жатасыңар?
-- Садыр Жапаровду президенттик платформасы боюнча айтканда эле эл колдоого алып, өздөрү эле сүрөп жатышат. Жолугушууга элдер өздөрү келишип, алтургай ырларды жазып окуп жатышканын угуп жатабыз. Кыскасы, Садыр Жапаровдун жолугушууларында эч кандай административдик ресурстар колдонулган жок. “Машина менен элди ташып атат” деген жалган. Баардык курактагы адамдар өздөрү эле колдошуп, жакшы ойлорун айтып жатышат. Элдин үмүтү, тилеги Садыр Жапаровдун аты менен байланышып калды. Анткени, эл өзгөрүүнү каалап калган. Ошондуктан, азыркы окуялардын баардыгын элдин өзгөрүүгө болгон тилеги катары түшүнүп жатам.
Ал эми улуттук мекенчил күчтөрдүн Садыр Жапаровду колдогонунун себеби, биздин аракетибиз анын ою менен дал келгендиктен, ачык эле колдой беребиз.
-- Садыр Жапаров “эгер эл кечирсе, Акаев менен Бакиевди алып келем” деди. Анын бул сөзүн кубаттагандар да, ошол эле мезгилде сындагандар да чыкты. Эл кечирип, айкөлдүк кылабы?
-- Садыр Жапаров элдин суроолоруна жооп берип жатып, качкында жүрүшкөн президенттерди “эл кечирсе, алып келем” дегенин мен деле туура көрдүм. Алар эле эмес, мурдагы жеп-ичкен чиновниктер да биринчи элден кечирим сурашып, жеп-ичкендерин казынага төгүп беришсе, андан кийин Кыргызстанга жашагылары келишсе, эл айкөлдүк таризинде уруксат берет (!) деп ойлойм.
-- Чоң державалардын кызыкчылыктарынын кагылышы эмне үчүн Кыргызстан аркылуу өтүп жатат?
-- Кыргызстанда бүгүнкү күндө чындап эле тышкы саясый күчтөрдүн тиреши орун алууда. Тагыраагы, Америка менен Россиянын кызыкчылыктарынын кагылышуусу биздин өлкө аркылуу болуп жатканын байкоо кыйынга деле турбайт. Себеби, Кыргызстан географиялык жактан жайгашуусу боюнча олуттуу, орчундуу орду бар. Суунун башыбыз. Ошондой эле экологиябыз таза, ак мөңгүбүз бар. Кыскасы, баардык жактан келишкен керемет жерде жашайбыз. Ар кайсы күчтөр биздин керемет жерибизге көздөрүн артып келишет. Ошондуктан, туугандар болуп көрбөгөндөй ынтымакка келип, багытыбызды түздөп, ар кимди ээрчий бербей, ата-бабадан келе жаткан нарктуу жолубузга түшүп, элдик курултайды орнотуу менен адилеттикке бет алсак, мындан ары өнүгүү жолуна түшөбүз...
"Азия Ньюс" гезити