Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Медер Бишкек: “Биздин жетекчилер ташбаканын деңгээлиндей кыбырайт...”

Медер Бишкек: “Биздин жетекчилер ташбаканын деңгээлиндей кыбырайт...”

30-май, 10:07
784 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

"Саясый коронавирус" бирде элдин үрөйүн учурса, бирде элдин ишеничине ээ болбой келет. Интернетти карасаңыз оң да, терс да маалыматтар жайылууда. Кээ бир окумуштуулар Сovid-19ду грипптин бир түрү катары далилдеп жатышат. Кандай гана грипптин түрү болбосун, март айынан кийин дем алуу системасына байланыштуу вирус жок болуш керек эле. Бирок дүйнөлүк масштабда бул жугуштуу оорулардын саны көбөйүп, карантиндин убактысы узарып, экономикалык абал кескин төмөндөп кеткени адистер айтпаса да белгилүү болуп калды. Сырткы кризистин булагы – бул аң-сезим кризисинин чагылышы. Адам баласы интеллекттин деңгээлинде гиганттык ийгиликтерге жетишти. Илимий ачылыштардын эсебине чек жок. Илгери бир жылда бир таңкалычтуу инновациялык ачылыштар болсо, бүгүнкү күндө ар секундда жаңы ачылыштар чыгып жатканын көрүп-билип жатабыз. Дао философиясындагы инь-ян түшүнүгү өтө маңыздуу варианттарды сунуштайт. Пайдалуу илимий ачылыштардын артында кыйратуучу мүнөзгө ээ көрүнүштөр болуп келет. Завод-фабрикалардын көптүгү экономикалык абалды көтөргөнү менен ден соолукка зыян уулуу химиялык заттарды чыгарып, "смог" (түтүн) каптап, шаарларда ар кандай ооруларды пайда кылып, алтургай акыркы убактарда рак ооруларынын да бирден-бир себеби дал мына ушул шаарды каптаган кара түтүндөн деп жатышат. Андан сырткары, Чыгыш-Түштүк Азиядан өйдө түндүктү көздөй 4,5 триллион тонна ууланган газдуу чаңдын шамал менен барып глобалдуу ысытууга себепкер болушун да окумуштуулар аныкташты. Ал болсо Түндүк муз океанын эритип, келечектеги суунун басымын көтөрүп, Европа тараптагы өлкөлөргө коркунуч туудурмак. Бул чынында эле глобалдуу проблема болчу. Далай Лама, Шри Чинмой, Садхгуру, Михаил Лайтман сыяктуу даанышман, олуялардын жана Ли Куан Юга окшогон саясатчылардын да бул глобалдуу ысыктык келечектин үлкөн көйгөйү болору жана ага даяр туруш керектигин айтып келишкен. Коронавирустун кесепеттерин баарыбыз көрүп турабыз. Ал эми экологияга, жан-жаныбарларга жогорку деңгээлде жакшы болду. Абанын тазалыгын аныктоочу аппараттар дайыма эле, мисалы эки ай мурда көрсөткүчтөрдүн нормасы карантинге чейин Бишкекте 350-400 болсо, Пекинде 200-300дү, Сеул 100, Лос-Анжелес 80, Париж 70ти көрсөтсө, бүгүн Бишкек 35, Пекин 33, Сеул 12, Лос-Анжелес 10, Париж 27ни көрсөтүп жатат. Мындан эки жума мурда Бишкек 6ны да көрсөтүп жатты эле, кайра көтөрүлүп 35-45 чейин болуп калды. Көрсөткүч 6 болуп турса – мындай таза шаарда 100 жашка чейин ден соолукту сактап жашаса болот десек жаңылышпайбыз. 50гө чейин болсо денсоолукка анчалык зыян болбойт. Ал эми 150дөн жогору болсо ден соолукка зыян, а 400-500 – бул өтө коркунучтуу. Шаардын тазалыгы ден соолукка пайдалуу болгону менен мамлекеттик экономика өтө түшүп кетти. Швеция, Голландияга окшогон өлкөлөрдө автоунаалар аз болуп, көпчүлүк велосипед менен жүрүшүп, шаарлары да таза болуп турат эмеспи. Ошондой эле бул өлкөлөрдүн экономикалык абалы да жогору. Кыргызстандын экономикасы ансыз деле начар болчу, эми мамлекетибиздин экономикалык абалына "мышык ыйлай турган" болуп калды. Мамлекетти жүрөгү менен сүйгөн жетекчилер башкарса, өлкөнүн абалы өтө бат көтөрүлөт. Ал эми биздин ыйык мамлекетибизде 10-20 же 50% гана мамлетибизди сүйгөн жетекчилер болбосо, 100% өлкөбүздү сүйгөн жетекчилерди көрө элекмин. Менин аныктамам кээ бир саясатчыларга катуу тийиши мүмкүн, бирок бул ачуу чындык. Мурда да айттым эле, дагы айтып коёюн, эгерде жарыштырсак Япониянын, Түштүк Кореянын, Германиянын, Кытайдын, Британиянын жетекчилери түркмөндөрдүн ахал-текининдей ылдам чуркаса, биздин эл ишенген башкаруучу жетекчилер ташбаканын деңгээлиндей кыбырайт. Менимче, бул жагынан Кыргызстандын тизмеси 148-орунда турганын эч бир саясатчы талашпайт го. Мисалы, Түштүк Корея өнүккөн 10 өлкөнүн ичинде турат. Россия экономикалык жактан кореялыктарга жетиши үчүн 70-80 жыл керек болсо, анда биз, Кыргызстан качан жетебиз бул өлкөлөргө?

 Адамдын башындагы "мээ" деп аталган кен байлыкты жогорку деңгээлде иштете билсек, албетте, эң өнүккөн өлкөлөргө теңелип, алардан ашып түшсөк да болот. Мамлекетти көтөрүүдө эки маселе өтө маанилүү: биринчиси – мамлекетти чын жүрөктөн сүйүү, экинчиси – "мээ" деген кен байлыкты иштетүү. Тилекке каршы, азыркы жетекчилерде экөө тең жок болуп жатат. Бирок, элибиздин арасында не бир гениалдуу инсандар, мыкты таланттар бар. Буюрса, келечекте ошол жаш, же жаштары улгайган мыкты инсандар саясатка аралашып, бийлик структураларына келе алышса, сөзсүз экономикалык чоң секириктер болот деп ойлойм. 


Эгер Россия ядролук куралын ыргытса, Америка эле эмес бүтүндөй планета жок болот

Жалпы аалам коомчулугундагы окуялар да, жеке биздин өлкөбүздөгү окуялар да бир жагы таңкалычтуу болсо, экинчиден, эч кандай таңкаларлык нерсе жок. Адамзатынын руханий жолго батыраак түшүүсү керектиги көрүнүп турат. Интеллектуалдык деңгээлде биз, адам баласы алыска барбайбыз. Албетте, илим өнүгөт, инновациялык ачылыштар көтөрүлөт, бирок биз, адамзаты Жер энебизди жоготуп алышыбыз мүмкүн. Россиянын президенти мындан эки жыл мурда өздөрүнүн жаңы ойлоп табышкан "сармад"', "кинжал", "авангард" деп аталган жерди жексен кылып салчу курал-жарактарын чоң экрандан көрсөттү эле. Ооба, коргонуу абдан маанилүү. Бирок, бул куралдарды колдонсо планетаны таптакыр огунан чыгарып салат го... Американын, Россиянын, Кытайдын, Британиянын жетекчилери Жер энебизди талкалоочу эмес, сактап калуучу иш-чараларды кылышса кандай сонун болор эле? Бул илим-билимдүү, акыл-эстүү жетекчилер планетаны талкалоочу куралдарды ойлоп тапкандарына кубанып, мактанып жүрүшөт. Эгер менин тааныштыгым болгондо, бул үлкөн өлкөлөрдүн жетекчилерине: “Ай урматтуу туугандар, Жер энебизди талкалап эмне пайда тапмак элеңер? Андан көрө планетаны сактап, экологияны, жан-жаныбарларды, адамдарды коргой турган, ынтымакта өмүр сүрүүгө пайдалуу иш-аракеттерди кылбайсыңарбы?! Уят эмеспи, бакчанын балдары эмессиңер го акыры!" деп айтаар элем. Эгер Россия ядролук куралын ыргытса, Америка эле эмес, өздөрү кошулуп бүтүндөй планета жок болот. Саясатчылар, курал-жарак жасаган илимпоздордун баары руханий жолго түшүүлөрү керек. Руханий жол деген – бул ислам, христиан, иудаизм же буддизм эмес. Мына ушул диндердеги фундаменталдуу эрежелер же руханий окуулар. Дин эмес, Кудай сактайт. Диндин, диний секталардын саны миңден ашат, алардын ар бири өзүнүкүн туура дешет. Ал эми Кудай же Улуу күч бирөө гана. Мисалы, мен жалгыз Кудайга гана ишенем. Анан руханий практикаларды туура көрөм. Бир суткада адамдын башына 40 миңдеген ойлор келип кетет. Адам баласы ушул чачыранды ойлорду башкара албайт. Президенттер жана диний кызматкерлер мына ушул ойлорун башкара билишип, аң-сезимдерин таза алып жүрө алышканда, жогоруда айтылгандай Жер планетасын кыйратуучу куралдарды ойлоп таап мактанышпайт эле. Коронавирус: "Эй адамдар, диндерге, улуттарга, расаларга бөлүнүп бири-бириңе атаандашканыңарды токтоткула! Болбосо, жакында баарың жок болосуң!" деп эскертүү берип жаткандыр... 

Убакыт келип жетти. Өнүгүүнүн да чеги, акыл-эстүү жолдору бар. Мына ошол жолдорду колдонуу абзел. Экономикалык, саясый жер талашуу, басып алуу, "мына мен эле жашашым керек, башкалар жашабашы керек" деген эгоисттик максат адамзатына да, табигатка да, экологияга да жакшылык алып келбейт. Бүгүнкү эң маанилүү маселе – бул саясый дүйнө жетекчилеринин жана диний кызматкерлеринин өзүмчүлдүк өнүгүүсү эмес, бүтүндөй адамзатын жана планетабызды сактап калуу болуп эсептелет. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер