Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Генерал Суваналиевди коён жүрөк кайсы үкалары сатып кетишти?

Генерал Суваналиевди коён жүрөк кайсы үкалары сатып кетишти?

07-сентябрь, 14:58
1 024 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Убагында Өмүрбек Суваналиев “Республика” партиясына таяныч болуп, моралдык колдоо көрсөтүп келген. А бүгүн эмне болду? Өзгөчө Өмүрбек Бабанов, Руслан Казакбаев, Кенжебек Бокоев, Мирлан Жээнчороев ж.б. таластык үкалары 180 градуска бурулуу менен ойт беришкени кандай? Эмесе, чечмелейли. 

Генерал Суваналиевдин “Бүтүн Кыргызстан” менен аламанга аттанганы белгилүү. Орто жолдон БШК партияны шайлоодон четтетип салды. “Социал-демократтар”, “Реформа” жана “Чоң казаттын” лидерлери адилетсиз аракеттерге каршы билдирүү жасашты. Мындай шартта “республикачылар” баштарын коңулга катышып, “бийликке жаман көрүнүп калбайлы” таризинде тымпыйып калышканы кандай? Жогорудагы аттары аталган таластык коён жүрөк саясатчылар менен “Комиссар Каттани” жакын мамиледе жүрүшкөн. Кызыгы, башка иш түшүп, акыйкат үчүн күрөшүп аткан чакта сатып кетишкенин ачыктап коёлу. “Республиканын” лидерлери “Бүтүн Кыргызстанга” жана Өмүрбек Суваналиевге колдоо кылышпай, бүшүркөп калышканы ачык байкалды. 

Эң оболу, жигит бол! Элдин ишенимин актоодон мурда сатпаганды, түз жүрүүнү үйрөн, андан соң гана ишенимди таразага кой! “Республикачыларга” коңгуроо кагып коёлу, балким акылдарына келишеби?..

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер