» Саясат » Равшан мырзанын башына түшкөн мүшкүлдүн жеңил жагы каралса...
Равшан мырзанын башына түшкөн мүшкүлдүн жеңил жагы каралса...
16-июнь, 11:08
853 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Саясый негизде Равшан Джеенбеков түрмөдө отурса, ага кошул-ташыл байбичеси Салкынай Алимбаеванын камалышы, ортодон өспүрүм кызы ата-энесиз калганы, албетте, коомчулуктун көңүлүн оорутту. Боору ооруп, жан тарткандар көбөйдү. Себеби, кыргыз эли кылымдардан бери адилеттүүлүктү көксөп келгенин эске алалы. Андыктан, Равшан мырзанын башына түшкөн мүшкүлдүн жеңил жагы каралып, бийлик ырайымдуулук кылса болбойбу? Кыргызстандагы ар бир үй-бүлө мүңкүрөп, кор болбошу керек. “Сабырдын түбү сары алтын” демекчи, төбөлдөр айкөл, кечиримдүү болушса...