Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Марлен Маматалиев, ЖК депутаты: “Коррупциянын алдын алуу үчүн анын себептерин жок кылуу зарыл”

Марлен Маматалиев, ЖК депутаты: “Коррупциянын алдын алуу үчүн анын себептерин жок кылуу зарыл”

30-сентябрь, 10:54
244 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Марлен мырза, президенттин иш башкармалыгынын башчысы курулушта жүз миңдеген орундар түзүлгөнүн айтып, “мигранттардын мекенине кайтар убактысы келди” деди. Айрымдар Каныбек Туманбаевдин бул аракетин колдоого алышса, кээ бирөөлөр куру сөз катары кабыл алышууда. Чын эле Кыргызстанда миңдеген жумушчу орун түзүлдүбү?

-- Чындап эле мамлекетибизде көп курулуш иштери жанданды. Айрым жерлерде жумушчулар жетпегендиктен, сырттан келгендер иштеп жатканын көбүбүз эле билебиз. Эмнеге башкалар иштеп калышканын сурасаң, курулушчулар жетишпеген көйгөйлөрдү айтышат. 

Акыркы мезгилде сыртта курулушта иштегенче Кыргызстанда деле эмгектенүү ыңгайлуу экен. Анткени, рублдин курсу түшүп, айлыктары деле бирдей болууда. Чочулабай эле мекендештерибиз келе беришсин. Кыргызстанда бул тармакта бир топ жумушчу орундар пайда болуп калганы чындык.

-- УКМК демилгелеген коррупцияга каршы күрөшүүгө багытталган мыйзам долбоору колдоого татыйбы?

-Коррупцияга каршы мыйзамды кандай түрдө болбосун кош колдоп колдошубуз керек. Анткени, коррупция күч алган үчүн бирөөсүн камаса, экинчиси коркпой пара алууда. Ошондуктан күрөшүүгө багытталган мыйзамды чыңалтып, коррупция менен аёосуз киришүү абзел. Пара менен кармоо – алдым-жуттумдукка каршы туруунун натыйжасы. Коррупциянын алдын алуу үчүн анын себептерин жок кылуу зарыл. Себептерин жок кылуу – мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талап кылат. Элдин ырыскысын жегендерди камап жазалоо да туура, негизи алдын алышыбыз керек.

-Арзыбаган каражатка менчиктештирилип кеткен имараттардын мамлекетке кайтканына кандай дейсиз?

-Албетте, бул багыттагы иш ырааттуу жүрүүдө. Аз каражат менен чоң имараттар менчиктештирилип кеткен учурлар арбын. Аны мамлекетке алып, туура эле кылып жатышат. 

-Камчыбек Ташиевдин Ата Журт партиясы шайлоого катышпайт деген билдирүүсү боюнча кандай ойдосуз?

-Шайлоо боюнча Камчыбек Кыдыршаевич толугу менен түшүндүрүп берди. Жергиликтүү кеңештерге “Ата Журт” партиясы катышып, Камчыбек Кыдыршаевич киришпесе деле кошоматчы ыкмаларды колдонгондор анын атын жамынышып, жаманатты кыла беришмек. УКМК башчысы ошол нерсенин алдын алуу үчүн “Ата Журт” партиясы шайлоого катышпайт деген чечим кабыл алды окшойт. Азыр кайсы партия менен келишпесин, таза иштебесе, мандаттарын тапшырып жатканын көрүп жатабыз. Андыктан “эл үчүн таза иштейм” дегендер келсе, туура эле болот да


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер