Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Абдимиталип Халматов: “Жүрөк артерияларына стент коюунун көбөйгөнү көпчүлүктү тынчсыздандырып жатат”

Абдимиталип Халматов: “Жүрөк артерияларына стент коюунун көбөйгөнү көпчүлүктү тынчсыздандырып жатат”

27-октябрь, 19:30
429 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Ковиддин кедери жылдардан кийин да таасир этип, жүрөк оорулары, стент койдургандар көбөйгөнүн эл арасынан угуп келебиз. Бул көйгөй менен сизге кайрылгандар да барбы? Кандай коркунучтарды байкадыңыз?

-- Акыркы убактарда коронавирустун жүрөк кан тамыр ооруларына тийгизген терс таасиринин натыйжасында бейтаптарда жүрөктүн артерияларына стент (түтүкчө) коюунун көбөйгөнү көпчүлүктү тынчсыздандырып жатканын билебиз.

Ооба, эки жыл мурун болуп өткөн коронавирустун таасири айрыкча жүрөк кан тамыр ооруларына, кан басымы жогору болгон (гипертония) бейтаптарга, кант диабети менен ооругандарга дарттын кескин начарлашына чоң салымын кошту. Андан тышкары, бул вирус мурда ден соолугу чың көпчүлүк адамдардын жүрөк жана өпкөнүн өнөкөт дарттарына чалдыккандарына күбө болуп жатабыз.

Вирустун кесепетинен көпчүлүк жаштарыбызда миокардит оорусу да көп кездешүүдө. Бул – вирустун таасири алдында жүрөк булчуңдарынын шамалдап ооруп калуусу. Анын кесепетинен жүрөктүн чоңоюп кетиши (жүрөк жетишсиздиги), ритмдин бузулушу жана башка бир канча өнөкөт оорулар пайда болот.

Коронавирустун организмге дагы бир эң коркунучтуу тийгизген таасири – кандын коюлуусу, кан тамырларда жана жүрөктө тромбдордун пайда болушу. Мында вирус эндотелий клеткадагы АСЕ2 рецептору менен байланышат. Эндотолий клеткалары тамырлардагы кан коюлуу системасын көзөмөлдөп турат. Ошондуктан бул клеткалардагы вирустун таасири (клеткалардын шамалдашы, структурасынын бузулушу) андагы кандын кескин коюулануусуна алып келип, тромбдордун пайда болуусун күчөтөт. 

Учурда бейтаптардын жүрөк кан тамырларына стент (түтүкчө) коюу кескин көбөйдү дегенден алыспыз. Ансыз деле дүйнөлүк статистика боюнча жүрөк кан тамыр оорусунан бир жылда 18 миллионго жакын адам каза табат. Кыргызстанда бир күндө 40тан ашык адам көз жумат. Андан тышкары, канчалаган адамдар ишке жараксыз жана майып болуп калууда. 

Коронавирустун адамдарга тийгизген оң таасири – алар өздөрүнүн ден соолугуна жана медициналык текшерүүлөргө өзгөчө чоң маани бере башташты. Алдын алууга (профилактикага) да өзгөчө көңүл буруп жатышат. Көпчүлүгү спорт менен алектенип, жүрөк кан тамыр ооруларына алып келүүчү зыяндуу факторлор менен, мисалы, ашыкча салмак, аз кыймыл, чылым чегүү, насвай, спирт ичимдиктерин ичүү ж.б. менен активдүү күрөшүүдө.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер