Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мекенибизге апаат келгенде Райымбек Матраимов элдин жүгүн көтөрүүдө

Мекенибизге апаат келгенде Райымбек Матраимов элдин жүгүн көтөрүүдө

21-март, 23:25
3 070 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов Фейсбуктагы баракчасы аркылуу төмөнкүдөй билдирүү жазып, кыргыз элине кубанычтуу кабар таратты. Капыстан келген апааттан калкыбыз сары санаага батып жатканда, бул жаңылык көпчүлүккө дем берип, келечекке карай жылуу үмүт жаратууда. Учурда элдин жүгүн көтөргөн Райымбек Матраимовду алкагандар арбып турган чагы.

“Исмаил Матраимов” атындагы кайрымдуулук фонду -- иним Райымбек Матраимовдун колдоосу менен коронавирустун кесепетин жоюуга гуманитардык жардам көрсөтүп баштады.

Кыргызстандын аймагына келген таажы ылаӊы деген аталыштагы вирустун кесепетин жоюга “Исмаил Матраимов” кайрымдуулук фонду гуманитардык көмөк көрсөтүп баштады. Алар, азык-түлүк, медициналык бет каптар, жасалма дем алдыруучу жабдыктар жана коронавирусту аныктоочу экспресс-тесттер.

Маалымат үчүн:

Бүгүндөн баштап 500 тонна ун, 50 тонна өсүмдүк майы жана 200 миӊ даана бет кап өлкө аймагындагы вирус катталган региондорго таратыла баштады;

Коронавирусту 15 минуттун ичинде аныктай турган 20 000 даана экспресс-тесттерди алдырып жатабыз, ал 5 күндө өлкөгө келет;

Ата-мекендик өндүрүшчүлөр тарабынан даярдалган бет каптарды 5 миллион сом өлчөмүндө сатып алууга даяр. Сатып алынган бет каптар волонтерлордун жардамы менен республиканын баардык аймактарында элге акысыз таратылат. Учурдан пайдаланып жергиликтүү бет кап тиккен цехтерди фонддун өкүлдөрүнө байланышууга чакырабыз;

Чет өлкөдөн 10 даана портативдик жасалма дем алдыруучу жабдыгын (аппараты искусственной вентиляции легких) алып келүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Фонд биринчи кезекте гуманитардык жардамды -- коронавирус илдети катталган аймактарга багыттайт. Андан соӊ волонтерлор Кыргызстандын башка аймактарына таратышат. Жасалма дем алдыруучу жабдыктар жана илдетти аныктоочу экспресс-тесттер саламаттыкты сактоо министрлигине өткөрүлүп берилет.

Мындай кыйынчылыкты ынтымак жана сабыр менен гана жеңебиз. Элибизде тынчтык болсун, башка түшкөн оорчулуктан жеңил өтүп кетели деген тилегибизди билдиребиз!

Жергиликтүү бет-каптарды тиккен өндүрүшчүлөрдү 0703909600 телефону аркылуу байланышка чыгуусун өтүнөбүз.

Искендер Матраимов


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер