Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бакыт Сейитов: “Министр Улан Ниязбеков милициянын кадыр-баркын кетирген кызматкерлерди тазалап жатат”

Бакыт Сейитов: “Министр Улан Ниязбеков милициянын кадыр-баркын кетирген кызматкерлерди тазалап жатат”

20-декабрь, 17:30
2 356 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

ИИМдин басма сөз кызматынын эң башкы адиси менен маек.

-- Бакыт мырза, акыркы кездерде киши өлтүрүү, талап-тоноо, зордуктоо, айтор, оор кылмыштар көбөйүп баратканын ЖМКлардан окуп жатабыз. ИИМ кандай иш аракеттерди кылууда? 

-- Учурда ИИМ жасалган кылмыштардын баардыгынын бетин ачуу, кылмыштуулуктун алдын алуу, катталган кылмыштарды сапаттуу жана өз убагында тергөө, иликтөө амалдарын жүргүзүп, сотко жөнөтүү жана кылмыш жасагандарды жоопкерчиликке мыйзам чегинде тартылышы боюнча ыкчам ишмердүүлүгүн жүргүзүп келүүдө.

ИИМ алдыга коюлган максаттарды ишке ашыруу үчүн негизги төрт багытта иш жүргүзүүдө. Биринчиси – профилактикалык иштерди күчтөндүрүп, элге жакындан жардам көрсөтүү, анын ичинде заманбап сервистик тейлөөнү калыптандыруу. Экинчиси – кылмыштуулукка каршы күрөшүү, анын ичинде өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө, жарандардын ден соолугуна, социалдык абалына терс таасирин тийгизген кылмыштын баардык түрлөрүнө бөгөт коюп, коопсуз мамлекет деңгээлине жетүү. Үчүнчүсү – кылмыштарды, жоруктарды сапаттуу жана акыйкат тергөө менен калыс чечим кабыл алуу. Жарандардын арыз-муңдары боюнча талабын канааттандырып, элдин милицияга болгон ишенимин жогорулатуу. Төртүнчүсү – элге сапаттуу кызмат көрсөтүүнү туруктуу негизде өркүндөтүү, берген антына бекем турган адеп-ахлактык абалы жогору кадрларды даярдоо, иште ийгиликтерди жаратуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүнү камсыздоо, эскиден арылып, жаңы баскычтар менен милициянын жаңы образын коомго тартуулоо боюнча жаңы ишмердүүлүк иш-чаралары министрликтин тескемесинин негизинде бекитилип, ишке ашырылып баштады. 

Жогоруда аталган иштердин жыйынтыгы менен жана түзүлгөн шарттардын натыйжасында, мамлекеттин милицияга болгон ишенимин актоо, ички иштер органдарында кызмат кылуу ар бир кызматкер үчүн сыймык экендиги жана жүктөлгөн милдеттерди жоопкерчилик, ак ниеттүүлүк менен аткарууга жетүү болуп эсептелет. 

Эң негизгиси XXI кылымда жарык көргөн заманбап техникаларды колдонуудан артта калбай, санариптештирүүнүн мыкты багыттарын колдонуу менен элдин коопсуздугун камсыздап, кылмыштуулукка каршы күрөшүп, “Коопсуз мамлекет” шартын түзүүгө жетишүү багытында  ИИМ ишмердүүлүгүн улантууда.

-- "Издөөгө алынган Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкери кармалды" деп УКМК жар салды. Бул боюнча ИИМ эмне деп жооп айтат?

-- Биринчиден, издөөгө алынган Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкери мурда иштеп кеткендиги аныкталды. Эгер анын жасаган кылмышы тергөө учурунда тастыктала турган болсо, анда ал жоопкерчилигин тартат, ага өкүмдү сот органдары чыгарат.

-- Негизи эле ИИМ кызматкерлери да кылмыштуу иштерге аралашкандары боюнча байма-байма айтылып келет...

-- Акыркы мезгилде ички иштер органдарында “колу таза эмес” кызматкерлерден арылуу процесси жүрүүдө. Министр Улан Ниязбеков тарабынан милициянын кадыр-баркын кетирген, пара алган, мыйзам бузган кызматкерлерге карата тазалоо жүргүзүү күчтөндүрүлдү. Башкача айтканда, укук тартибин бузган кызматкерлерди өзүбүз кармап, жоопко тартып жатабыз. ИИМ өз катарын таза эмес кызматкерлерден тазалайт жана мыйзам бузгандар жазадан кутулбайт. 

Коррупцияга каршы күрөштө ИИМдин жетекчилигинин көз карашы эч качан өзгөрүлбөйт – мыйзам бузгандар жоопкерчилике сөзсүз түрдө тартылат. Бул ИИМдин принципиалдуу көз карашы болуп эсептелет. Алсак, быйыл 10 айда пара алуунун 23 фактысы аныкталып, ага 34 кызматкер шектелүүдө. Былтыркыга салыштырмалуу 12 фактыга өскөндүгүнүн себеби, коррупцияга аралашкан кызматкерлерди өзүбүз аныктап, тазалануу иштерин жүргүзүп жатабыз. Себеби,  кызматкерлерди ИИМдин ички иликтөө кызматы аныктап, прокуратура, улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери менен биргеликте тийешелүү чараларды жүргүзүүдө.

Кызматкерлердин ар түрдүү кылмыштарга жана коррупциялык көрүнүштөргө аралашуусунун алдын алып, өз учурунда чара көрүү үчүн ички иштер органдарында 78 күнү-түнү иштеген “ишеним телефондоруна” келип түшкөн ар бир маалымат көзөмөлгө алынып, жыйынтыгы чыгарылып турат.


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер