Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эки “шал” тактан удаа куласа, ошондо казак эли тынчыйт го?

Эки “шал” тактан удаа куласа, ошондо казак эли тынчыйт го?

06-январь, 09:30
1 216 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Күлгөнгө күлө жетем” дейт эмеспи. Анын сыңарындай, Нурсултан Назарбаев Кыргызстандагы ар бир төңкөрүштү мыскылдай сындап, табалап, оор учурларда чек арасын жаба салып, кыйла эле кордуктарды көрсөтүп, далысын салып келген. Кудай бар экен, эки тарапты таразалап атат. 

Бийликтен жасалма түрдө кеткен “шал” коопсуздук кеңешинин төрагасына жармашып, Касым-Жоомарт Токаевди “куйругунан толгоп”, бүтүндөй мамлекетин өзү башкарып, тырышып отурду. Аз күн мурда Санкт-Петербургдагы шериктеш мамлекеттердин саммитине да барып келген. Укугу жок болсо да президенттерге аралашып. Талтаңдап баса албай калса да, бийликке жармаша берген диктатордун тажатканын көрдүңөр го? Акыры күч менен айдалды...

Казакстан бай мамлекет, бирок Назарбаев элин итке мингизип, газ, күйүүчү май, азык-түлүктөрдү кымбаттатып, жондон кайыш тилгендей эле мамиле жасап келген. Акыры карапайым калкы көтөрүлдү. Башаламандык жаралып, кыйроого кабылышты. Өкмөтү отставкага кетти. Чегинүү жасалды. Итжыгылышка күбөбүз. Мындай шартта Назарбаевдин артынан Токаев да бийликтен кетиши керек. Кыргызда “мал болбой калды” дейт. Ушундай кырдаал түзүлдү. Аныгында эки “шал” удаа куласа, ошондо казак эли тынчыйт шекилдүү. Алдыда дагы канча козголоңдор бар? Кантсе да баурдастарда кыргыздардын каны бар эмеспи... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер