Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чүй ОИИБнин ичиндеги башаламандыкка ким жооп берет?

Чүй ОИИБнин ичиндеги башаламандыкка ким жооп берет?

08-сентябрь, 09:00
4 648 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Урматтуу Улан Омоканович!

Урматтуу ИИМдин ИИКнын башчысы Жолболду Пайызбекович! 

Биздин сиздерге кайрылуубуздун себеби төмөндөгүчө: 

Бүгүнкү күндө Чүй ОИИББнин өздүк курамынын ичинде моралдык психологиялык атмосфера жакшы эмес. Себеби, жетекчиликтин жүргүзүп жаткан туура эмес кадрдык жүрүштөрүнө нааразы болуп, аргасыздан сиздерге кайрылуу жасап отурабыз.

Жакында Чүй ОИИББнин РИИБнин АМБ (ПОМ) башчыларын ротациялоо иретинде башка райондорго дайындоого Чүй ОИИББнин башчысы, милициянын полковниги Д.Исаков буйрукка кол койгон. Биз бул буйрукка каршы чыгып, өзүбүздүн ой-пикирибизди айтып чыксак, бизди куугунтуктап, жумуштан кетирип, жадагалса “ИИМдин катарынан четтебиз” деп коркутуу жүрүүдө. Эмне үчүн биз өз укугубузду коргой албайбыз?

Биз буйрука баш ийебиз, дайындаган кызматка барабыз, бирок Чүй ОИИББнин башчысынын кадрлар боюнча орун басары, милициянын полковниги Абдуразаков Руфат Абдурашитович ИИМдин орун басары А.Бийбосуновго таянып алып, өзүм билемдикке салып, туура эмес кадамдарга барууда. Эмне үчүн биз биринчи категорияда турган РИИБнин үчүнчү категориядагы РИИБдеги АМБга которулабыз? Кээ бир начальниктер эки жылдан жана бир жылдан ашуун иштеген эмес, мыйзам боюнча ротациялоого жатпайт.

Мындай көрүнүштөр буга чейин да орун алып келген. Бир эле мисал: “Манас” эл аралык аэропортундагы кызматкерлерди мыйзамсыз ротация кылып, алар сот аркылуу буйрукту жокко чыгарышкан. Жакында эле кенже курамдагы кызматкерлер ротация болуп, ал жерде да бир канча нааразычылыктар туулган. Себеби, кээ бир кызматкерлер үйдүн жалгыз баласы, батирге төлөй турган акчасы жок ж.б. ушундай толгон-токой көрүнүштөр орун алган.

Абдуразаков Руфатка карата акыркы убактарда өздүк курамдын арасында нааразычылыктар күчөп, жакында жарылчудай болуп калды. Мурда кенже курамдагы кызматкерлер жумушка бекер кирсе, азыр “жумушка кирем” деген кызматкерге “500 доллар алып келесиң” деп кадр кызматкерлери талап кылышканын кантебиз? “Себеби, бул сумманын 300 долларын чоңдорго беребиз” деп айтышат. Чүй ОИИББге караштуу атайын бөлүк бар (ППС), азыр ошол жакка жумушка кириш үчүн 300-500 доллардан берүүнү токтото алабызбы? Мурда мындай жат көрүнүштөр болчу эмес.

Ушундай тажрыйбасыз, барган жеринде интрига, чуу жараткан жетекчиге карата чара колдонулбайбы? Же мындай жагымсыз көрүнүштөр жогорку жетекчиликке жетпейби? Чүй ОИИББге Абдуразаков Руфат келгенден бери ички интригалар күчөп, эки жолу Чүй ОИИББнин кадрлар бөлүмүнүн башчылары (ОК) жана эки мыкты инспектор жумуштан кетишти. Анын бири Азамат Тайманкулович, ал эми экинчиси Каиров Кутубек Маманович да ич ара келишпестиктен улам баса беришкен. Инспекторлор Руслан менен Канат мушташканга чейин барышып, өз арыздарын жазып, кеткенге аргасыз болушту. Чүй ОИИББнин башчысы Д.Исаков баарына көз жумуп коюп отурат.

Бир эргулдун мурдагы былыктарына кайрылсак, ал ИИМдин ТББда (ГСУ) бөлүмдү жетектеп турганда, 2020-жылдын 8-августунда Кой-Таш айылындагы  окуя болгон жерге баруудан баш тартып, буйрукту аткарбай койгонунан ал кездеги ИИМдин орун басары Памир Асанов тарабынан куулуп, кийинчерээк соттошуп, ИИМге араң келгени жалганбы?

Бизге ишенбесеңер ИИК (СВР) тарабынан Чүй ОИИББнин өздүк курам арасында жашыруун сурамжылоо жүргүзсөңөр, баары ачыкталат.

Биз сиздердин “Азия Ньюс” гезитине, «Арыба» сайтыңыздарга аргасыздан кайрылып отурабыз. Себеби, сиздер дайыма ИИМ ичиндеги жат көрүнүштөрдү туура жазып, коомчулукка ачык-айкын жеткирип турасыздар, ошондуктан, биз сиздердин маалымат булагыңар аркылуу кайрылууну чечтик.


Чүй ОИИББнин атын атагысы келбеген кызматкерлери 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер