Узарбек Жылкыбаев: “Добуштарды сатып алуу же болбосо админресурстарды пайдаланууга барган талапкерлерге чара көрүлөт”


-- Узарбек мырза, Бишкектин Биринчи Май жана Свердлов райондору боюнча талапкерлерди каттоо бүттүбү?
-- БШК 2022-жылдын 27-февралына дайындалган №27 Биринчи Май жана №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоого талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө арыздарды кабыл алуу 2022-жылы 27-январда саат 18:00дө аяктады. Ошону менен каттоо 6-февралга чейин созулат. 7-февралдан 26-февраль эртең мененки саат сегизге чейин үгүт иштери жүрөт. 27-февраль күнү кайра шайлоо өтөт.
-- Бул эки шайлоо округдары боюнча үгүт иштери канча күнгө созулуп, БШК тарабынан кандай көзөмөлдөө жүргүзүлөт?
-- Кайра шайлоонун үгүт иштери болгону 20 күнгө созулат. БШК тарабынан көзөмөл мыйзам алкагында жүргүзүлөт. Үгүт иштерин тартиби менен жүргүзүү жана мыйзам бузууларды болтурбоо боюнча БШКдан тышкары укук коргоо органдары иш алпарат. Бул жерде добуштарды сатып алуу же болбосо админресурстарды пайдалануу деген мыйзамсыз иш-чарага барган талапкерлерге чара көрүү боюнча иш жүрөт.
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити











