Акыркы кабарлар
» Коом » Кыздардын өчүбү? 18 жаштагы жигитти бычактап өлтүргөн эки кыз кармалды
Кыздардын өчүбү? 18 жаштагы жигитти бычактап өлтүргөн эки кыз кармалды
06-декабрь, 11:55
834 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌9-ноябрда Жалал-Абаддагы өспүрүмдөрдүн урушу 18 жаштагы баланын өлүмү менен аяктады.
Бул кандуу окуя Жалал-Абад шаарында болгон. 9-ноябрда ооруканага бычактан жаракат алган 18 жаштагы жигит келип түшкөн. Ага эки саат операция жасалгандан кийин, ал өзүнө келе албай каза болгон.
Каза болгон жигиттин өздүгү такталып, ал 2001-жылы туулган Сузак районунун жашоочусу болгону аныкталган. Жигитти бычактап, өлтүргөнгө шектүү катары 19 жана 17 жаштагы кыздар кармалган.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Aryba.kg