Туйгун байкеден үлгү алган Гүлнара Баатырованын ишинде жылыштар бар

Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова башка коллегаларындай кабинеттен башкарбай, ооруканаларга күтүүсүз барып, реалдуу абалды өз көзү менен көрүүдө. Бейтаптардын кезекке турганы, врачтардын көйгөйлөрү, медициналык аппараттардын эскилиги жеткени, жетишсиздиги, дегеле ооруканалардагы алешемдиктер, айтор, чечилбеген маселелер арбын экен. Түйүнү түйдөктөшкөн бул түйшүктөр бир топ жылдан бери топтолгон эле. Натыйжада, Гүлнара Баатырова кейиштүү абал менен ичтен таанышып, сазга батып калган саламаттык сактоо тармагын көтөрүүгө белсенүүдө. Баары каражат маселесине такалат эмеспи. Министр айым ири гранд, инвестиция тартууда ийгилик жарата алабы? Өзү таза иштесе, коррупцияны кескин түрдө азайтууга салым кошот. Эң башкысы, жөнөкөйлүгү, элге жакындыгы менен өзгөчөлөнүп, кыймыл аракетинен жылыштарды көрсөтүүдө. “Түсү ийгиден түңүлбө” дейт. Баса, “Туйгун байкеден үлгү алган Баатырова үмүт жаратууда” деген кеп медиктер арасында жөн жерден айтылбаса керек. Жакшылык жерде калбайт тура. Бир кезде Туйгунаалы Абдраимовдун жетекчилиги астында иштеген Гүлнара Баатырова туура таалимин, тажрыйбасын элибизге арнаса, жемиши да кайтат. Азырынча алдыга карай кадамдар жасалууда...
"Азия Ньюс" гезити