Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Исамидинов “иритип” кеткен КУУну Абдырахманов өнүктүргөнү келди

Исамидинов “иритип” кеткен КУУну Абдырахманов өнүктүргөнү келди

26-август, 09:00
532 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Белгилүү илимпоз, КР УИАнын корреспондент-мүчөсү, профессор, КР илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Төлөбек Абдырахманов президенттин жарлыгы менен Ж.Баласагын атындагы КУУга ректор болуп дайындалды. Кыргыз мамлекеттик университети “улуттук” деген статусту алгандан берки бул 13-ректор. 

Негизи эгемендүүлүк жылдарында улуттук университеттин ооматы келип, өлкөбүздөгү жогорку окуу жайларынын флагманы болуп турган учур академик Советбек Токтомушев жетектеп турган убакка туш келген. 2000-жылдардан тартып кедеринен кетүү мезгили башталды, ортодо А.Бөрүбаев дайындалды, андан соң ректор А.Какеевдин аш-тойдон колу бошобой замдекандын деңгээлиндеги Искендер Исамидиновго тизгинди берип коюп, бул болсо беш жыл бою “жомок” айтып эрмектеди. 2005-жылдан 2010-жылга чейин К.Бакиев КУУнун ректорун төрт жолу алмаштырса, 2010-жылдан 2017-жылга чейин 5 жолу ректор которулган. Ошентип, улуттук университет тоголок жетимдей эле колдон колго өтүп, каралбай калды. 

Төлөбек Абдырахманов И.Арабаев атындагы мамлекеттик университетин өлкөдөгү алдыңкы университеттердин катарына кошуп, рейтингин көтөрүп, мыкты ректор катары таанылган. Илимпоз катары да чоң абройго ээ. Өлкөнүн президенти артта калган улуттук университеттин кейиштүү абалын көрүп, туура түшүнүп, аны оңдойт, имиджин көтөрөт (!) деген ниетте тажрыйбалуу жетекчи Төлөбек Абдырахмановго ишеним көрсөтүп, “Билим берүү жөнүндө” жаңы мыйзамдын негизинде улуттук университетке ректор кылып дайындады. Ректор Төлөбек Абдырахманов узун тарыхы бар улуттук университеттин ишин оңдоп, кадыр-баркын көтөрүп, жаңы долбоорлордун үстүндө иштеп, инвестицияларды тартып келип, илимий ишмердүүлүктү жандантып, окуу жайды өлкөбүздөгү ЖОЖдордун флагманына айландырарына ишеним артып туралы. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер